Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык Кеӊешинин XXIV сессиясы
2010 жылдын 4 февралы №161/24-2
Токмок шаарынын мэриянын курамындагы административдик комиссия тууралу» жобосун бекитүү жѳнүндо
Токмок шаарынын мэриянын курамындагы комуналдык жана турак - жай чарбалык башкармалыгынын башчысы, вице - мэр С.М.Алиевдин кайрылуусун, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекттик администрация жѳнүндѳ" мыйзамынын 2008-жылдын 29-августун № 99, 24, 27 беренелеринин, Кыргыз Республикасынын "Административдик жоопкерчилик туралуу" Кодексинин 509 беренесинин, Жогорку Кеӊешинин жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жана региондорду ѳнүктүрүү Комитетинин бѳлүмүнүн катынан негизинде жана укук тартип жана коргоо туруктуу депутаттык комиссиясынын чечимин карап чыгып
токтом кылат:
1. "Токмок шаарынын курамындагы административдик комиссия тууралу" жобону бекитүү.
2. Бул токтомду "Менин шаарым Токмок - Мой город Токмок" гезитине жарыялоо.
3. Токмок шаарынын мэриянын курамындагы юридикалык бѳлүмү токтомду Чүй облустук юстиция башкармалыгында коюлган тартипте мамлекеттик каттоодон ѳтүү.
4. Ушул токтомдун аткарылышын укук тартип жана коргоо туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок шаарынын биринчи вице-мэри Б. Имамадиевге жүктѳлсүн.
Токмок шаардык Кеӊешинин тѳрагасы | К. Качкыналиев
|
| Токмок шаардык Кеӊешинин 2010-жылдын 04-февралынын №161/24-2 токтому менен "БЕКИТИЛГЕН" |
1.1.Токмок шаарынын мэриясынын алдындагы административдик Комиссия, Токмок шаарынын мэриясынын административдик укук бузуулар жѳнүндѳгү материалдарды кароо боюнча туруктуу иштѳѳчү комиссия болуп саналат.
1.2. Административдик укук бузуулар жѳнүндѳгү материалдарды кароо жана административдик жазаларды колдонуу боюнча Токмок шаарынын мэриясынын алдындагы административдик комиссия ѳзүнүн ишмердүүлүгүндѳ Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жѳнүндѳгү Кодексин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтүнүн токтомдорун жана башка мыйзам алдындагы актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2.1.Административдик комиссиянын негизги милдети инсанды коргоо, жарандардын укуктарын жана эркиндигин, ден соолугун, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин, коомдук адептүүлүктү, жаратылыштагы айлана-чѳйрѳнү, бекитилген тартипте мамлекеттик бийликти жүргүзүү жана башкаруу тартибин, коомдук тартипти, юридикалык жактардын укуктарын жана алардын бирикмелерин административдик укук бузуулардан cактоо жана алардын алдын алуу болуп саналат.
2.2.Токмок шаарынын мэриясынын алдындагы административдик Комиссиянын ишмердүүлүгү, мыйзамдуулуктун, демократиялуулуктун ,адилеттүүлүк мыйзамынын алдындагы жарандардын теӊ укуктуулугунун, гумандуулуктун, административдик укук бузгандыгы үчүн жеке жоопкерчиликтин жана кайтарымсыздыктын принциптеринде негизделет,
2.3. Токмок шаарынын мэриясынын алдындагы административдик Комиссия, административдик укук бузууларды Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жѳнүндѳгү Кодексинин ыйгарым укук чегинде карайт.
3.1. Токмок шаарынын мэриясынын алдындагы административдик Комиссиянын отурумдары зарыл болгон учурларда, бирок бир айда эки жолудан кем эмес, Токмок шаарынын мэриясынын имаратында ѳткѳрүлѳт.
3.2. Комиссиянын отурумдары административдик укук бузган жактар, ошондой эле алардын ѳкүлдѳрүнүн катышуусу менен ачык жүргүзүлѳт.
3.3. Отурумдар мамлекеттик тилде же расмий тилде жүргүзүлѳт.
3.4.Административдик комиссия тарабынан чечимдер, административдик комиссиянын 2/3 кем эмес мүчѳлѳрү болгондо, добуш берүүнүн жѳнѳкѳй кѳпчүлүгү менен кабыл алынат.
4.1. Административдик комиссиянын санын жана курамын Токмок шаарынын мэри бекитет.
4.2. Административдик комиссияны Токмок шаарынын мэриясынын вице-мэрлеринин ичинен болгон Тѳрага жетектейт.
4.3. Административдик комиссиянын тѳрагасы жана жооптуу катчысы Токмок шаарынын мэри тарабынан дайындалат.
4.4 Токмок шаарынын мэриясынын бѳлүмдѳрүнүн жана түзүмдүк бѳлүмдѳрдүн жетекчилери административдик комиссиянын мүчѳлѳрү боло алышат.
4.5. Административдик комиссияга мүчѳ болуу кызматтан бошотулган эмес болуп саналат жана Административдик комиссиянын мүчѳлүрүнѳ, иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдуулугуна ылайык, административдик комиссиянын отурумдарына катышкан мезгилинде негизги кызмат орду боюнча орточо айлык акысы сакталат.
5.1. Административдик комиссия тарабынан, административдик укук бузуулар жѳнүндѳгү иштер, Кыргыз Республикасынын .Административдик жоопкерчилиги жѳнүндѳгү Кодекс менен бекитилген тартипте каралат.
Токмок шаардык Кеӊешинин Жооптуу катчы | В. Исалиева
|