Загрузка документа…
Токмок шаардык кеңешинин 2012-жылдын 9-ноябрындагы № 27/6-3 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН XXXIII СЕССИЯСЫ
2010 жылдын 2- июлу № 187/33-2
"Токмок шаардык Кеӊешинин ченемдик актыларын каттоо тартиби жөүндөгү" Жобону бекитүү тууралуу
"Токмок шаардык Кеӊешинин ченемдик актыларын каттоо тартиби жөнүндөгү" Жобону карап жана талкуулап, "Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары жөнүндөгү", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алып, ошондой эле мандат, депутаттык этика жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну орнотуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын чечиминин негизинде
Токмок шаардык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Токмок шаардык Кеӊешинин ченемдик актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү" Жобо бекитилсин.
2. Токмок шаарынын мэриянын курамындагы юридикалык бөлүм, бекитилген тартипте ушул жобону каттоодон өткөрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, мандат, депутаттык этика жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну орнотуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык кеӊешинин төрагасы |
М. Джаманбаев
|
| Токмок шаардык Кеӊешинин 2010-жылдын 2-июлундагы №187/33-2 токтому менен "Бекитилген"
|
Токмок шаардык Кенешинин укуктук ченемдик актыларын каттоонун тартиби жөнүндө
ЖОБО
1. Токмок - облустук маанидеги шаар деп эсептелет, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын иш милдеттерин Токмок шаардык Кеӊеши иш жүзүнө ашырат .
2.Токмок шаардык Кеӊешинин ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө жобо (мындан ары -Жобо), Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү" Мыйзамына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы №184 токтому менен бекитилген "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү"типтүү жобого ылайык иштелип чыккан.
3.Токмок шаардык Кеӊешинин ченемдик укуктук актылары, ченемдик укуктук актылардын негизинде жана ченемдик укуктук актылары аткаруу үчүн, жергиликтүү Кеӊештин жогорку юридикалык күчкө ээ болгон өкүлчүлүктүү органдары тарабынан, өз компетенциясынын чегинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында кабыл алынат жана Токмок шаарынын аймагында милдеттүү түрдө юридикалык күчкө ээ болот. Токмок шаардык Кеӊешинин ченемдик укуктук актылары (мындан ары - ченемдик укуктук актылар), токтом түрүндө чыгарылат жана аларга төрага кол коёт.
4.Токмок шаардык Кеӊешинин ченемдик укуктук актыларын каттоону -Токмок шаардык Кеӊешинин аппараты иш жүзүнө ашырат.
5.Ченемдик укуктук актыларды каттоо, алардын төмөнкүдөй реквизиттерин көрсөтүү менен ченемдик укутук актыларды каттоо жөнүндө журналга жазуу жолу менен ишке ашырат:
1) актынын түрү көрсөтүлөт;
2) ушул ченемдик укуктук актты жөнгө салуучу предметти билдирген аталыш;
3) кабыл алынган жер жана күн;
4) каттоо номуру.
6.Ченемдик укуктук актылар Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилет жана ал Кыргыз Республикасынын юстиция министрлиги тарабынан жүргүзүлөт
7.Ченемдик укуктук актылардын көчүрмөлөрү аларды каттаган органдар тарабынан эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жүзүндө жана электрондук түрүндө, жарыяланган булагы көрсөтүлүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актыны расмий түрүндө жарыяланган күнү жөнөтүлөт.
8.Ченемдик укуктук актыларга киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Жободо көрсөтүлгөн тартипте катталууга тийиш.
9.Ченемдик укуктук акты (анын түзүмдүк элементи) мыйзамда белгиленген тартипте конституцияга ылайык келбейт же жараксыз деп табылса, ал жөнүндө маалымат тиешелүү сот тарабынан, ушул ченемдик укуктук актыны каттаган Токмок шаардык Кеӊешинин аппаратына соттун чечими күчүнө кирген күнү жиберилет. Ушул ченемдик укуктук акты катталган Токмок шаардык Кеӊешинин аппараты, андай маалыматты алган күнү Кыргыз Республикасынын Юстиция министерлигине соттун чечими жөнүндө расмий кат жиберет.
Соттун жүйөлүү чечими, акыркы (кат жүзүндөгү) формада, ал күчүнө кирген күндөн баштап, он күндүн ичинде Токмок шаардык Кеӊешинин аппаратына жөнөтүлүүгө тийиш, аппарат болсо, соттун чечимин алган күнү аны Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жиберет.
Соттун ченемдик укуктук актыны (анын түзүмдүк элементин) жараксыз деп табуусу жөнүндөгү чечими белгиленген тартипте жокко чыгарылган учурда, чечим, аны кабыл алган сот тарабынан, ушул пункта каралган тартипте жиберилүүгө тийиш.
Токмок шаардык кеӊешинин жооптуу катчысы |
В.Исалиева
|