Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жыл 30-июль № 182
Кыргызстандын түштүгүнѳ Европанын коопсуздук жана кызматташтык уюмунун полициялык күчтѳрүн киргизбѳѳ жѳнүндѳ
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешине келип түшкѳн шаардын ар кайсы шайлоо округдарынын шайлоочуларынын, интеллигенциясынын, жаштар жана аялдар уюмдарынын, ошондой эле башка коомчулуктун Кыргызстандын түштүгүнѳ Европанын коопсуздук жана кызматташтык уюмунун полициялык күчтѳрүн киргизүүгѳ карата каршылыктарын билдирген кѳптѳгѳн кайрылууларынын негизинде, ошондой эле сессиянын жүрүшүндѳ бул маселе боюнча айтылган депутаттардын сунуштарын жана ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеӊеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кыргызстандын түштүгүнѳ Европанын коопсуздук жана кызматташтык уюмунун полициялык күчтѳрүн киргизүүгѳ депутаттардын Ош шаардык Кеӊеши каршы экендиги белгиленсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын жогорку жетекчилигине жѳнѳтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, мандат, регламент жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Т.Жоробеков) жүктѳлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин тѳрагасынын орун басары | С.Аматова
|