Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жыл 30-июль № 183
Ош шаарындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча аткарылып жаткан иш чаралар жѳнүндѳ
Ош шаарындагы абалды турукташтыруу боюнча Ош шаарынын коменданты, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы К.С.Асановдун маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле ошондой эле Ош шаарынын мэринин жана сессияда сүйлѳгѳн депутаттардын ой-пикирлерин жана сунуштарын эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кенешинин сессиясы;
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ош шаарындагы абалды турукташтыруу боюнча Ош шаарынын коменданты, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы К.С.Асановдун маалыматы эске алынсын.
2.Ош шаарында кырдаалды турукташтырууда, тынчтыкты орнотууда жана элдердин ортосундагы ынтымакты чыӊдоодо кошкон зор салымы үчүн:
- Ош шаарынын коменданты, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Асанов Курсан Сатарович Кыргыз Республикасынын эӊ жогорку артыкчылык даражадагы - "Кыргыз Республикасынын Баатыры" мамлекеттик сыйлыгына;
- Түштүк аскерлер тобунун кол башчысы Икрамов Искендер Календарович кезектеги генерал-майор аскердик наамын ыйгарууга кѳрсѳтүлүшсүн.
3. Ушул токтом тиешелүү документтер менен Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна жѳнѳтүлсүн.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Авазов) жана "Ош шамы" гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн (Т.Жоробеков).
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин тѳрагасынын орун басары | С.Аматова
|