Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жыл 30-июль № 184
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча Ош шаарында аткарылып жаткан иштер жѳнүндѳ
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ош шаардык аймактык башкармалыгынын директору А.Пархановдун милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча Ош шаарында аткарылып жаткан иштер жѳнүндѳ маалыматтарын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессияда айтылган депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча Ош шаарында аткарылып жаткан иштер жѳнүндѳ маселе депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин кийинки сессиясынын кароосуна кайрадан киргизилсин.
2.Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча Ош шаарында аткарылып жаткан иштер жѳнүндѳ маселени сессиянын кароосуна киргизүү үчүн тиешелүү материалдарды даярдоо боюнча депутаттык комиссия түзүлсүн.
3. Бул токтом мыйзамдуу тартипте катталсын (М.Авазов) жана "Ош шамы" гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин социалдык-маданий ѳнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Токтомаматов) жүктѳлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин тѳрагасынын орун басары |
С.Аматова |