Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 30-июлу № 187
Ош шаарында сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө
Ош шаардык мэриясынын 2010-жылдын 27-январындагы № 27/08-11- Ош шаарында сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу эрежелерин бекитип берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2010-жылдын 4-мартындагы №1-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарында сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу эрежеси №1-тиркемеге ылайык;
- Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат обьектисин орнотуу жана пайдалануу келишими боюнча төлөмдүн өлчөмүн аныктоо ирети №2-тиркемеге ылайык;
- сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотууга берилүүчү арыздын үлгүсү №3-тиркемеге ылайык;
- сырткы жарнак обьектисин орнотууга уруксаттын формасы (техникалык паспорт) №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Сырткы жарнак жана маалымат обьектисин орнотуу жана пайдалануу келишими боюнча эсептөө төлөмдөру 2010-жылдын 1-январынан тартып жүргүзүлсүн.
3. Ош шаардык архитектура жана шааркурулуш башкармалыгы (А.Абдыкадыров) жана Ош шаардык мамлекеттик архитектура-курулуш башкармалыгы (Н.Баетов) тарабынан берилүүчү макулдашуу корутундусу муниципалдык менчик башкармалыгы официалдуу кайрылган күндөн тартып 10 иш күн убактысында даярдалуусу милдеттендирилсин.
4.Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (Т.Салиев)
- шаардагы маалыматтык афишаларды таркатууну жана илүүнү тартипке келтирүү максатында атайын такталардын жана аларды орнотуу долбоорун үч айлык мөөнөттө даярдап депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кароосуна сунуштоо милдеттендирилсин.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Авазов) жана "Ош шамы" гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөр депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер,айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Абдуллаев) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары |
С.Аматова |