Редакцияот 30.07.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ДЕПУТАТТАРДЫН ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ ХXIV СЕССИЯСЫ (II ЧАКЫРЫЛЫШ)

 

2010-жылдын 30-июлу № 190

Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө

Ош шаарында июнь айындагы коогалаңда, элдин ынтымагын, биримдигин сактоо аракетинде жүрүп, мыкаачылардын огунан каза болгон №8-шайлоо округунан шайланган Ош шаардык Кеңешинин депутаты, маркум Шакиров Аскар Абидиновичтин Ата Мекен алдындагы аткарган эрдиги үчүн, аны "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамына көрсөтүү жөнүндөгү Ош шаардык мэриясынын 2010-жылдын 14-июлундагы № 260-08-6 катын, маркумдун үй-бүлөөсүнүн кайрылуусун, ошондой эле сессияда айтылган депутаттардын сунуштарын эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош шаарынын 8-шайлоо округунан шайланган Ош шаардык Кеңешинин депутаты, маркум Шакиров Аскар Абидинович  Кыргыз Республикасынын жогорку сыйлыгы - Кыргыз Республикасынын Баатырына көрсөтүлсүн.

2. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппаратына А.Шакировду Кыргыз Республикасынын жогорку сыйлыгына - "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамына көрсөтүү үчүн керектүү документтерди даярдап, шаардык мэрияга жиберүү тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин өнөр-жай, жылуулук-энегетикалык комплекс, транспорт жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Кокочоров) жүктөлсүн.

 

Депутаттардын Ош шаардык

Кеңешинин төрагасынын орун басары

 

С. Аматова