Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 30-июлу № 195
Ош шаарына караштуу Жапалак айылдык башкармалыгында жайыт пайдалануучулар бирикмесин түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2010-жылдын 12-майындагы №175/08-6 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386-токтомунун негизинде жайыт жерлерди максаттуу пайдалануу үчүн Жапалак аймактык жайыттар бирикмесин түзүүгө макулдук берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кенешинин архитектура, курулуш, муниципальдык менчик, мүлк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2010-жылдын 29-июлундагы №8 токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда айтылган депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен, депутаттардын Ош шаардык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарына караштуу Жапалак айылдык башкармалыгында жайыт пайдалануучулар бирикмесин түзүүгө макулдук берилсин.
2. Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) Ош шаарына караштуу Жапалак айылдык башкармалыгында жайыт пайдалануучулар бирикмесинин уставын бекитүүсү жана аталган бирикменин Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өтүү жагын көзөмөлдөө тапшырылсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Авазов) жана "Ош шаамы" гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) жана депутаттардын Ош шаардык Кенешинин архитектура, курулуш, муниципальдык менчик, мүлк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссияга (Д.Абдуллаев) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кенешинин төрагасынын орун басары |
С.Аматова |