Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 30-июлу № 196
Экономикалык субьекттерди жана жеке жактарды салыктардан бошотуу жөнүндө
Ош шаардык мэриясынын 12-июль 2010-жылдагы № 252/08-6- Ош шаарында болуп өткөн коогалаңдуу окуяга байланыштуу экономикалык субьекттерди жана жеке жактарды салыктардан бошотуу жөнүндөгү катын карап жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июнундагы Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы тартипсиздиктердин убагында жабыр тарткан жеке жана юридикалык жактар үчүн фискалдык преференциялар, жеңилдиктер жана мөөнөтүн узартуулар жана регионду турукташтыруу менен калыбына келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү №77-Декретин эске алып жана Кыргыз Республикасынын "Өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация" жөнүндөгү мыйзамынын 27-беренесинин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Салык Кодексинин" 5, 31, 131, 330, 344-беренелерин жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 21-июль 2010-жылдагы отурумунун №13-токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарындагы экономикалык субьекттер жана жеке жактар 2010-жылдын 1-июнунан 2012-жылдын 31-декабрына чейин кыймылсыз мүлккө салынуучу салыктан, айыл чарба багытындагы эмес жерлерден жана бакча чарбагы үчүн (тамарка) алынуучу салыктардан бошотулсун.
2.Ош шарындагы экономикалык субьекттер жана жеке жактар автопарковкадан алынуучу салыктан жана калк жайгашкан жерлерден таштанды чыгаруудан алынуучу төлөмдөрдөн 2010-жылдын 1-июнунан 2010-жылдын 31-декабрына чейин бошотулсун.
3.Ош шаарында жайгашкан жогорку окуу жайларын атайын каражаттардан алынуучу 20% салыктан 2010-жылдын 1-июнунан 2012-жылдын 31-декабрына чейин бошотуу менен аларды жапа чеккен, курман болгондордун балдарын бекер окутууга жумшоо жагы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнөн суралсын.
4.Ош окуяларынын натыйжасында Ош шаарынын 2010-жылга бекитилген бюджеттин кирешелеринин жоготуулары эске алынсын жана ал жоготууларды тактап, республикалык бюджет аркылуу толтурууну камсыз кылуу жагы Ош шаардык мэриясына (М.Мырзакматов) милдеттендирилсин.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Авазов) жана шаардык "Ош шамы" гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (У.Примов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары |
С.Аматова |