Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 30-июлу № 197
Ош шаарындагы борбордук жана жайма базарлардын мындан ары иштөөсү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2010-жылдын 27-июлундагы №279/08-6 Ош шаарындагы борбордук жана жайма базарлардын мындан ары иштөөсү боюнча тийиштүү чечим кабыл алып берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлерди, сунуштарды эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарындагы Кара-Суу көчөсү кеңейтилип, Ак-Буура дарыясына чоң көпүрө курула тургандыгына байланыштуу Ош шаарындагы борбордук жана жайма базардын, ошондой эле "Ак-Буура" дарыясын бойлото жайгашкан соода-сатык дүкөндөрүнүн иштөөсү токтотулсун.
2. Ош шаардык мэриясына (М.Мырзакматов) борбордук жана жайма базардын, ошондой эле "Ак-Буура" дарыясын бойлото жайгашкан соода-сатык дүкөндөрүндө эмгектенген ишмерлерди соода-сатык жүргүзүү жайлары менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Авазов) жана "Ош шамы" гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Абдуллаев) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары |
С.Аматова |