Загрузка документа…
МАНАС РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010- жылдын 9-сентябры №70
Манас райондук Кеңешинин "Билим, маданият, ден - соолук жана социалдык маселелер боюнча" туруктуу комиссиясынын алып барган иштери жөнүндө
Манас райондук Кеңешинин 2-чи сессиясында 25.11.2008- жылы № 8 токтом кабыл алынган, ал токтомдо сессияларда коюлуучу маселелерди даярдоо жана түшкөн арыз, өтүнүчтөрдү жеринен кароо максатында 5 туруктуу комиссия түзүлүп, туруктуу комиссияларга баардык депутаттар мүчө болуп киришкен. Өздөрүнүн иш - пландарын бекитишип, аны аткаруунун үстүндө иш алып барышууда.
Райондук Кеңештин "Билим, маданият, ден - соолук жана социалдык маселелер боюнча" туруктуу комиссиясынын төрайымы Г. Садырова жана комиссия мүчөлөрү 2009- 2010 жылдагы 8 айда ар бир болуп өткөн сессияга материалдарды даярдоого активдүү катышпай келишет.
Райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун оорукана менен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун калкты медициналык жактан тейлешин жана медициналык программалар менен иштешин, райондук санитардык эпидемиология көзөмөлдөө борбору тарабынан СОППВлардын иштерине көзөмөлдүк кылуусун, райондук социалдык фонддун аткарган иштерин, райондук калкты социалдык жактан коргоо башкармалыгынын кедейчиликти кыскартуу боюнча алып барган ишин жеринен карап чыгып, өздөрүнүн сунуштарын, сын - пикирлерин беришти.
Ошондой эле 2010 - 2011 окуу жылына карата даярдыктардын жүрүшү ар - бир айыл округтардагы мектептерди карап чыгышып оңдоо иштеринин сапаттуу экендигине туруктуу комиссия өздөрү күбө болушту жана өздөрүнүн мындан ары оңдоо ишине сунуштарын билдиришти.
Райондогу кээбир мектептерге ысымдарды коюу жарандардын өтүнүчүн жана айылдык Кеңештин токтомдорун бекитип берүү маселесин карашкан натыйжада:
1. Манас райондук балдар музыкалык мектебине Бакай Ташиевтин ысымы ыйгарылган.
2. Май орто мектебине Кочкорбаев Шабданбектин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү Май айылдык Кенешинин депутаттар тарабынан кабыл алынган 27.02.2010 жыл № 24 токтому бекитилип берилген.
3. Сары - Булак айылындагы башталгыч мектебине Бает атанын ысымын ыйгаруу тууралуу Кайыңды айылдык Кеңешинин депутаттары тарабынан кабыл алынган 29.05.2007 жыл №8 токтомун, Сары - Булак айылынын тургундарынын жалпы жыйынын 18.09.2006- жылкы протоколун жана Нылды айылынын "Өмүрзак Израилов" атындагы толук орто мектебинин мугалимдер жааматынын жыйынын 20.09.2006- жылкы протоколун карап чыгып, жана райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы С. Ибраимовтун сессияда берген маалыматынын негизинде Сары - Булак айылындагы башталгыч мектебине Бает атанын ысымын коюу туура эмес экенин билдирген, себеби критерийге туура келбейт мектептин атайын статусу жок, окуучулардын саны талапка жооп бербейт. Ошондуктан Бает атанын ысымы коюулган эмес. Ошондой эле райондук Кеңештин "Билим, маданият, ден - соолук жана социалдык маселелер боюнча" туруктуу комиссиясы өз ишинде өтө жай баракатчылыкта, такай эскертүүлөрдөн кийин гана иш алып барышты. Көпчүлүк учурда мекемени текшергенде кийин эскертүү берилген жетекчилердин ишин кайрадан кайталап текшергенде туруктуу комиссия өздөрүнүн берген эскертүүлөрү баштапкы этапка жана эффективдүү аткарганын билдиришти. Бирок туруктуу комиссия мүчөлөрү көпчүлүк учурда тагылган милдетине кайдыгер карашып ар - кандай шылтоолор менен активдүү катышпай келет. Райондук Кеңештин "Билим, маданият, ден -соолук жана социалдык маселелер боюнча" туруктуу комиссиясынын алып барган иштери жөнүндөгү маалыматын угуп, талкуулап Манас райондук Кеңеши токтом кылат:
Райондук Кеңештин "Билим, маданият, ден - соолук жана социалдык маселелер боюнча" туруктуу комиссиясынын төрайымы (Г.Садырова) алып барган иштери белгиленсин.
Райондук Кеңештин "Билим, маданият, ден - соолук жана социалдык маселелер боюнча" туруктуу комиссияларына (Садырова. Г, Кошалиев.А, Дөөлөтов Э, Туралиева В, Курманбаев С) комиссиялардын ишин жандандыруу, сессияга каралуучу маселелерди оз убагында тапшыруу жагы милдеттендирилсин.
Райондук Кеңештин туруктуу комиссияларына (Отунчиев Ж, Отунчиев С, Маматаев С, Осмонбеков Р) сессияга каралуучу маселелерди өз убагында аткаруу жана комиссиянын ишин натыйжалуу алып баруу жагы милдеттендирилсин.
Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы райондук Кеңештин башкы адиси З.Бүркүтбаевке жүктөлсүн.
Манас райондук Кеңешинин төрагасы |
Е.Т.Кузебаев |