Загрузка документа…
МАНАС РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 13- сентябры №71
Манас райондук аскер комиссариатына республикалык бюджеттен которулган акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Манас райондук аскер комиссары полковник Ж. Жумабаевтин чыгыш № 15 сандуу 13.09.2010 - жылы кайрылуусун карап чыгып, Манас райондук Кеңеши
токтом кылат:
Манас райондук аскер комиссариатына республикалык бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине кат жана каралган сметасы жөнөтүлсүн.
Райондук аскер комиссариатына сметасынын негизинде республикалык бюджеттен которулган акча каражатын бөлүп берүү жагы райондук каржы бөлүмүнүн башчысы Ж. Жаманбалаевке милдеттендирилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук Кеңештин "Бюджет жана экономика боюнча" туруктуу комиссиясына (С.Маматаев) жүктөлсүн.
Манас райондук Кеңешинин төрагасы |
Е.Т. Кузебаев |