Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 21-сентябры №4
Балыкчы шаарынын мунинипалдык "Көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо" муниципалдык ишканасынын элге акылуу кызмат көрсөтүү баасын бекитип берүү жөнүндө
Балыкчы шаарынын муниципалдык "Көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо" ишканасынын жетекчиси К.Борбашев шаардын калкына санитардык тазалоо боюнча акылуу кызмат көрсөтүү бааларын карап жана бекитип берүүсүн сурап кайрылган. Балыкчы шаарында таштанды салына турган контейнерлердин үч түрү бар жана алынуучу баалары да ар башка болгондуктан чыгым эсеби ар башка эсептелинет. Санитардык тазалоо ишканасы тарабынан чогулткан акча каражат күйүүчү май жана айлык акыга гана сарпталып керектүү тетиктерди өз учурунда алуу жана капиталдык ремонттон өткөзүү жагына жетишсиз. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү администрация жөнүндө" мыйзамынын 27 беренесинин 15 пунктуна ылайык, Балыкчы шаардык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаардык "Көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо" муниципалдык ишканасы таштанды салына турган контейнердин баасын бир алып кеткенге № 1 тиркемеге ылайык негизинен бекитилсин.
2. "Көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо" муниципалдык ишканасы көрсөткөн кызмат акысын Монополияга каршы саясий жана атаандаштыкты өнүктөрүү боюнча мамлекеттик Агенттиги менен макулдашылсын.
3. Токтом Ысык-Көл областтык Адилет башкармалыгынан каттоодон өтүү жагы суралсын.
4. Токтом "Балыкчы " гезитине жарыялансын.
5. Токтом шаардык Кенештин каттоо журналынан өткөзүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө курулуш, архитектура, муниципалдык менчик жана коммуналдык чарба маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Балыкчы шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Джаликов |