Редакцияот 21.12.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XVI СЕССИЯСЫ

 

2010-жылдын 21-декабры №2

Балыкчы шаарындагы бала-бакчалардын мүчөлүк акысын кайра карап берүү жөнүндө

Балыкчы шаардык Кеӊешине шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Кулова өтүнүч кат менен кайрылган: азыркы учурда балдардын тамактануусуна керектөөлүчү тамак-аш, азык-түлүктөр күндөн күнгө кымбаттагандан улам ата-энелерден алынган мүчөлүк акы жетишпейт. Ошондон улам баардык бакчаларда чогулуштар өткөзүлүп ата-энелерден алынган мүчөлүк акыны көтөрүү маселеси айтылып макулдашылган.

Балыкчы шаардык Кеӊеши коюлган маселени ар тараптан карап жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Балыкчы шаарынын билим берүү бөлүмүнүн жана шаардын бала-бакчаларынын ата-энелерден алынуучу мүчөлүук айлык акысын көбөйтүү боюнча сунушу эске алынсын жана 2011жылдын 1 январынан баштап, айлык мүчөлүк акысынын көлөмү 500 сом өлчөмүндө бекитилсин.

2.    XXIV чакырылышынын XXXIV сессиясында кабыл алынган № 9 токтомдун күчү жоготулсун деп эсептелинсин.

3.    Токтом Ысык-Көл областтык Адилет башкармалыгынан катоодон өткөрүү жагы сунушталсын.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин социалдык өнүгүү жана укук коргоо маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Балыкчы шаардык Кеӊешинин төрагасы

 

А.Джаликов