Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 20-октябры №9
Боо-Терек айылдык округунун аймагында “Фасоль” чапкан комбайнөрлөр 2000 (эки миң) сомдон салык потентин төлөө жөнүндө
Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери А. Мамбетованын, Боо-Терек айылдык округунун аймагында Фасоль чапкан комбайнөрлөргө 2 000 (эки миң) сомдон салык потентин төлөтүү жөнүндө сунушун, угуп талкуулап, Боо-Терек айылдык округдук Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылдык округунун аймагында Фасоль чапкан комбайнөрлөр 2 000 (эки миң) сомдон салык потентин төлөшсүн.
2. “Фасоль” чапкан комбайнөрлөрдөн 2 000 (эки миң) сомдон салык потентинин алынышы (жоголутулушу) Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн, салык инспектору С. Токтогановага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Боо-Терек айлдык округунун айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери А. Мамбетовага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу А. Кубанычбековго жүктөлсүн.
Боо-Терек айыл округунун жергиликтүү өз –алдынча башкаруу Кеңешинин төрагасы |
Э.Смайылбеков |