Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010 жыл 20-октябрь №2
«Кокозов Темирланды үлүш жер салыгынан бошотуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн № 114 28. 07. 2010-жылындагы Декретин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз-алдынча башкаруу иштери боюнча Улутук агенттигинин № 01-16/186. 29.06.2010-жылындагы маалыматын жана Бакай-Ата. райондук Кенешинин 26.08.2010-жылындагы №82 катындагы кайрылуусун, угуп талкуулап, Боо-Терек айылдык округдук Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кокозов Темирлан 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуядан жапа чеккендигине байланыштуу 3-жылга үлүш жер салыгынан бошотулсун (2010-2013-жылга чейин).
2. Токтомдун аткарылышы Боо-Терек айылдык округунун айыл окмотунун башкы бухгалтерине А. Мамбетовага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу А. Кубанычбековго жүктөлсүн.
Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кенешинин төрагасы |
Э.Смайылбеков |