Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010 жылдын 20-октябры №5
Боо-Терек айыл округунундагы «Тоо-Буурчактарды» сатып алуучуларды көзөмөлдөө жөнүндө
Боо-Терек айылдык округунун айыл окмот башчысынын милдетин аткаруучу А. Кубанычбековдун кайрылуусун угуп талкуулап, Боо-Терек айылдык округдук Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл округунун, жергиликтуу өз-алдынча башкаруу Кенешиндеги депутаттардын 5 мучөдөн турган комиссия мүчөлөрү: Бейшебаев Эрнис - комиссиянын төрагасы, Чыналиев Руслан, Алымбеков Жоодар, Барпыбеков Улан жана Мурат Баурбековдор «Тоо-Буурчак» сатып алуучуларды көзөмөлдөөчу тобу болуп шайлансын.
2. Боо-Терек айыл округундагы дыйкандардан «Тоо-Буурчак» сатып алуучуларды, Боо-Терек айыл округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кенешиндеги депутаттардын 5 мучөдөн турган комиссия тобу, эмненин негизинде «Тоо-Буурчактарды» сатып алып жаткандарын текшеришсин.
3. Боо-Терек айыл округунун жергиликтуу өз-алдынча башкаруу Кенешиндеги депутаттардын 5 мучөдөн турган комиссия тобу, Боо-Терек айыл округунда «Тоо-Буурчактарды» сатып алуучулар эмненин негизинде сатып алып жаткандыктары тууралу Жогорку органдарга маалымат, билдируу беришсин.
4. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл окмот башчысынын милдетин аткаруучу А. Кубанычбековго жүктөлсүн.
:
Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кенешинин төрагасы |
Э.Смайылбеков |