Редакцияот 20.10.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2010-жылдын 20-октябры №8

“Жашатар”, “Нарбото” жана “Жакыпбек” көчөрөлөрүнө 2009-жылы гравий төгүлүп бүтпөй калган жерлерине, гравий төгүү жөнүндө

Боо-Терек айыл округунун, XXIX-чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешинин депутатты Э.Смайылбековдун, “Жаштар”, “Нарбото” жана “Жакыпбек” көчөлөрүнө былтыр 2009-жылы гравий төгүлүп бүтпөй калган жерлерине, гравий төгүлсүн деген сунушун, угуп талкуулап, Боо-Терек айылдык округдук Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.   “Жаштар”, “Нарбото”  көчөлөрү менен “Жакыпбек”  көчөсүнүн былтыр гравий төгүлүп бүтпөй калган жерлерине, гравий төгүлүш үчүн Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн бюджетинен 25 000 (жыйырма беш) миң сом акча каражат каралсын.

2.    Токтомдун аткарылышы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери А. Мамбетовага милдеттендирилсин.

3.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу А. Кубанычбековго жүктөлсүн.

 

Боо-Терек айыл округунун жергиликтүү

өз –алдынча башкаруу Кеңешинин төрагасы

 

Э.Смайылбеков