Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-февралы №204/34-5
Талас шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун элдик курултайын чакыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылындагы 2-майындагы "Жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктөрүнүн элдик курултайы" жөнүндөгү Жарлыгына жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамынын 59-беренесине ылайык депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун элдик курултайын өткөрүү 2012-жылдын 5-апрелине белгиленсин.
2. Курултайдын күн тартибине төмөндөгүдөй маселелер киргизилсин:
а) 2011-жылдагы Талас шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана 2012-жылда аткарылуучу иштери жөнүндө, Талас шаарынын мэри А. Кушубековдун билдирүүсү.
б) Талас шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
3. Талас шаары боюнча курултайга шайлануучу делегаттардын жалпы саны 350 делегат, делегаттарды шайлоонун өкүлчүлүгүнүн нормалары төмөндөгүдөй белгиленсин:
-Жашаган жери боюнча-250
-Иштеген жери боюнча-50
-Өкмөттүк эмес уюмдар, саясий партиялардан-50
-Курултайга чакырылган коноктор-50
-Курултайга катышуучулар жалпысынан-400
4. Талас шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун элдик курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу комиссия №1 тиркемеге ылайык түзүлсүн.
5. Түзүлгөн комиссия бир жумалык мөөнөттө:
-Талас шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун элдик курултайын өткөрүүнү уюштуруу боюнча иш-чара иштеп чыксын.
-Талас шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун элдик курултайынын делегаттарынын шайлоонун графигин түзүп, ЖАӨБ жана тиешелүү мекеме уюмдарга жөнөтүүнү камсыз кылсын.
-Талас шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун элдик курултайын өткөрүүгө жумшалуучу чыгымдарынын сметасын түзүп чыксын.
6. Кабыл алынган токтом «жаны багыт» газетасына жарыялансын.
7. Токтом аткаралышына көзөмөлдүк кылуу Талас шаардык кеңештин жооптуу катчысына (А. Сариева) жүктөлсүн.
Талас шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Джусупбеков |