Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-февралы №205/34-5
Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын" Уставын өзгөртүү жөнүндө
Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү багытын жакшыртуу жана эффективдүүлүтүн жогорулатуу максатында депутаттардын Талас шаардык кеңеши Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндөгү" Мыйзамына ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү" мыйзамынын 22,23-беренелерине ылайык
Депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча төмөндөгү муниципалдык ишканаларын ачууга макулдук берилсин:
-Талас шаарынын "Ак Ниет" муниципалдык ишканасы;
-Талас шаарынын "Таза суу" муниципалдык ишканасы.
2. "Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын" Уставына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилсин, жаңы ачылган муниципалдык ишканалардын жетекчилерин дайындоо жана муниципалдык ишканалардын Уставдарын бекитүү, уставдык иш аракеттерин жүргүзүү үчүн муниципалдык кыймылсыз жана кыймьшдуу мүлктөрдү берүү ошондой эле мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Талас шаарынын мэрине (А. Кушубеков) милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтом "Жаңы Багыт" гезитине жарыялансын.
4. Токтомдун аткарьшышын көзөмөлдөө жагы "Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкердикти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча" туруктуу комиссиясынын төрагасы (А. Кудайбергенов) жүктөлсүн.
Талас шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Джузупбеков |