Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-февралы №207/34-5
Жергиликтүү маанидеги турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана аткарууну Талас шаардык аймактык коомдук өз алдынча башкаруусуна келишимдин негизинде өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Депутаттардын Талас шаардык кеңеши Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 19-беренесин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын жергиликтүү маанидеги турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана аткарууну Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясы тарабынан Талас шаардык аймактык коомдук өз алдынча башкаруусуна келишимдин негизинде өткөрүп берүүтө макулдук берилсин (келишим тиркелет).
2. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 19-беренесинин негизинде Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясы тарабынан жергиликтүү маанидеги турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана аткарууну Талас шаардык аймактык коомдук өз алдынча башкаруусуна келишимдин негизинде өткөрүп берүү боюнча тиешелүү иш чараларын алып барууда Талас шаардьпс жергиликтүү өз алдьшча башкаруусу мэриясынын башчысы-мэр А. Кушубековго жүктөлсүн.
3. Кабыл алынган токтом "Жаңы Багыт" гезитине жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жоопту катчысына (А. Сариева) жүктөлсүн.
Талас шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Джусупбеков |