ТоктомКүчүндө

Талас шаардык кеңешинин 2012-жылдын 27-февралындагы №209/34-5 «Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция27.02.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2012-жылдын 27-февралы №209/34-5

Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө

Депутаттардын Талас шаардык кеңеши Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкарусуу жөнүндөгү" Мыйзамынын 31-беренесинин 13-пунктуна ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын типтүү түзүмүн жана штаттык саны бекитилсин.

2. Кабыл алынган токтом "Жаңы Багыт" гезитине жарыялансын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жоопту катчысына (А. Сариева) жүктөлсүн.

 

Талас шаардык

кеңешинин төрагасы

 

А. Джузупбеков