Загрузка документа…
МАНАС РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 17-ноябры №80
Райондук автобекетти Талас автовокзалынан бөлүн алуу жөнүндө
Манас райондук аксакалдар Кеӊешинин төрагасы K.Шабданбековтун 14.10.2010 - жылкы кайрылган катын, Талас облустук автовокзалдар, автостанциялар жана автокассалар мамлекеттик ишкананын башкы директири С. Кулназаровтун чыг.№124 09.11.2010- жылы кайрылуусун (каттар тиркелет) карап чыгып , талкуулап Манас райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Манас райондук автобекетин Талас облустук автовокзалдар, автостанциялар жана автокассалар мамлекеттик ишканасынан бөлүп,өзүнчө ишкана уюштуруу жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрилигинен суралсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.06.2010-жылы чыккан №217 токтомунун 1-пунктунун 7чи бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрилигинин 04.08.2008-жылдагы №258 буйругунун негизинде эл аралык, шаар аралык, айыл аралык каттамдарынын ар кандай жерлерден кетүүсүнө тыюу салынсын.
3. Ушул токтомдо белгиленген шарттарда райондук автобекстинен автоунаалардын кетүүсү иретине келтирилип, аткарылбай калган учурда катуу чара корүү жагы Талас облустук транспорт инспекциясынан суралсын.
4. Ушул токтомдун aткарылышын көзөмөлгө алуу жагы райондук Кенештин "Өнөр жай, байланыш, спорт жана жаштар маселелери боюнча" туруктуу комиссиясына (Осмонбеков Р.) тапшырылсын.
Манас райондук кеӊешинин төрагасы |
Кузебаев Е.Т. |