Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-февралы №210/34-5
"Себат" Талас балдар окуу-тарбия комплексин "Манас Ата-Себат" окуу тарбия болуп өзгөртүү жөнүндө
"Себат" Талас балдар окуу-тарбия комплексинин 2011-жылдын 30-декабрындагы №2011/93 сандуу жазган катына ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин «Көчөлөрдүн жана башка социалдык объектилерди аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча» туруктуу комиссиясынын жыйынынын протоколунун чечиминин негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Себат" Талас балдар окуу-тарбия комплекси "Манас Ата-Себат" окуу тарбия комплекси болуп аталуу жагы жактырылсын.
2. Кабыл алынган токтом Кыргыз Республикасынын билим жана илим министрлигине жөнөтүлүп, сессиянын чечимин колдоо жагы суралсын.
3. Кабыл алынган токтом Талас шаарынын "Жаңы Багыт" газетасына жарыялансьш.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А. Сариева) жүктөлсүн.
Талас шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Джузупбеков |