Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-февралы №212/34-5
Талас шаардык мамлекеттик ветеринария башкармалыгын жергиликтүү бюджеттен каржылап, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу-мэриясынын карамагында калтыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башкаруу системасындагы жүргүзүп жаткан реформасына ылайык айыл чарба жана мелиорация министрлигинин 2012-жылдын 16-январындагы штаттык курамдарды 20%га кыскартуу жөнүндө №10 сандуу буйругунун негизинде Талас шаардык мамлекеттик ветеринария башкармалыгы республикалык бюджеттен жоюулуп жаткандыгына байланыштуу Депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык мамлекеттик ветеринария башкармалыгы шаардын аймагындагы малдарды дарылоодо жана эпизоотияга каршы алдын ала жасалуучу иш чараларды, мал чарбасынан алынган азыктардын борбордук базардагы кыймылына көзөмөлдү аткарып келгендигине байланыштуу жергиликтүү бюджеттен каржылап, шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу-мэриясынын карамагында калтырылсын.
2. Талас шаардык мамлекеттик ветеринария башкармалыгынын мүлктөрү Талас шаардык өз алдьшча башкаруу-мэриясынын балансына өткөрүп берүү жагы айыл чарба жана мелиорация министрлигинен суралсын.
3. Кабыл алынган токтом Талас шаарынын "Жаңы Багыт" газетасына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин
Талас шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Джусупбеков |