Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 19-январы № 7/3
Райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Осмоновдун 2009-жылда райондун аймагында жургузгон жетекчилик иштеринин абалы боюнча берген маалыматы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгу» мыйзамынын 27-беренесинин 5-пунктунун 5-пунктчасына ылайык райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Осмоновдун 2009-жылда райондун аймагында жүргүзгөн жетекчилик иштеринин абалы боюнча берген маалыматын угуп жана талкуулап депутаттардын Каракулжа райондук Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Осмоновдун 2009-жылда райондун аймагында жүргүзгөн жетекчилик иштеринин абалы боюнча берген маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Осмоновго мындан нары жүргүзө турган районду жетектөө иштеринде:
- райондук бюджеттин жана резервдик фонддун өз максаттары боюнча пайдалануусун колго алуу,
- райондук бюджетке бюджеттен сырткаркы каражаттарды таап толуктоо,
- райондун аймагын өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу,
- райондун аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча кабыл алынган пландардын өз мөөнөтүндө аткарылышына жетишүү,
- райондун аймагындагы өткөрүлгөн элдик жыйындардан, айылдык округдук Кеӊештердин жана райондук Кеӊештин сессияларынан райондук мамлекеттик администрациянын дарегине келип тушкөн сын,сунуш, отунуч, пикирлерди ишке ашыруунун үстүнөн үзгүлтүксүз иштоо,
- райондун аймагындагы мамлекеттик бийлик жана жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдарында аткаруучулук жана эмгек тартибин күчөтүү жактарын эске алуу жагы сунуш кылынсын,
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кеӊештин бардык туруктуу комиссияларына жана райондук Кеӊештин аппаратына тапшырылсын.
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеӊешинин төрагасы |
К.Алиязов
|