Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 19-январы № 7/4
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кенешинин төрагасы К.Алиязовдун райондук Кенештин жургузуп жаткан иштери боюнча отчету жөнүндө
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеӊешинин Регламентине ылайык депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеӊешинин төрагасы К.Алиязовдун райондук Кеӊештин жүргүзүп жаткан иштери боюнча отчётун угуп жана талкуулап депутаттардын Каракулжа райондук Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеӊешинин төрагасы К.Алиязовдун райондук Кеӊештин жүргүзүп жаткан иштери боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеӊешинин төрагасы К.Алиязовго мындан наркы жүргүзө турган иштеринде:
- райондук Кеӊештин аткаруучулук-уюштуруучулук иштерин күчөтүү,
- райондук Кеӊештин сессияларынын жана туруктуу комиссияларынын жыйналыштарында кабыл алынган токтом, чечимдердин аткарылышын бекем көзөмөлдөө,
- депутаттык окуулардын сапаттык денгээлде өткөрүлүшүнө жетишүү,
- Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү Кеӊештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү» мыйзамынын талаптарына ылайык райондук Кеӊештин депутаттарынын ишин жөнгө салуу,
- райондун аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, анын өкүлчүлүктүү жана коомдук аймактык органдарынын иштерине көмөктөшүү, аларга методикалык иштерди жүргүзүү жактары тапшырьшсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кеӊештин бардык туруктуу комиссияларына тапшырьшсын.
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеӊешинин төрагасы | К.Алиязов
|