Загрузка документа…
КАРАКУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 29- апрели.№ 9\3
Райондун аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы жүргүзүп жаткан жетекчилик иштери боюнча Кара-Кулжа райондук ички иштер бѳлүмүнүн начальнигинин отчету жѳнүндѳ.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жѳнүндѳ» мыйзамынын 29-беренесинин 2-пунктуна жана райондук Кенештин 2010-жылга кабыл алган перспективдуу иш планына ылайык райондук ички иштер бѳлүмүнүн начальнигинин берген отчетун угуп жана талкуулап, райондук Кеӊештин туруктуу комиссияларынын кошмо жыйналышынын сунушун эске алып депутаттардын Каракулжа райондук Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондун аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы жүргүзүп жаткан жетекчилик иштери боюнча Кара-Кулжа райондук ички иштер бѳлүмүнун начальнигинин отчету айрым кемчилдиктери менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Райондук ички иштер бѳлүмүнүн начальнигине:
-райондун аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы күрѳшүү боюнча кечиктирилгис чараларды кѳрүү багытындагы конкреттүү иш чараларды иштеп чыгуу жана анын аткарылышын камсыз кылуу,
-айрыкча мал, мүлк уурдоочулукка каршы катуу күрѳш жүргүзүү,
-айылдык округдардын башчылары жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары менен ар дайым тыгыз байланышта иш алып баруу,
-райондук ички иштер бѳлүмүнүн имаратынын ѳз денгээлинде кармалышына жана материалдык-техникалык базасынын чындалышына тереӊ маани берүүчүлүк менен кѳнул буруу,
-райондук ички иштер бѳлүмүнүн кызматтык ѳздук курамынын денгээлин учурдагы мыйзамдуулукка ылайык тартипте кармоо,
-райондун аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы күрѳшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы боюнча райондук Кеӊешке ар бир айдын жыйынтыгы менен жазуу жүзүндѳ маалымат берип туруу,
-ушул токтомдо кѳрсѳтүлгѳн багыттар боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгы жѳнүндѳ 2010-жылдын 3-кварталынын жыйынтыгы менен райондук Кеӊештин кезектеги сессиясынын жыйналышына маалымат берүү жактары милдеттендирилсин.
3. Райондун аймагындагы айылдык округдардын башчыларына:
-ѳз аймактарында кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы күрѳшүү боюнча ички иштер бѳлүмүнүн участкалык инспекторлору менен тыгыз байланышта иш жүргүзүү жана аларга иштоо учун кызматтык шарттарды түзүп берүү,
-кылмыштуулук маселеси боюнча аксакалдар сотторунун ролун, аларды жыйналыштарынын жана кылмыштуулук маселеси каралган элдик жыйындардын таасирдүүлүгүн эл арасында күчѳтүү,
-айылдык округдардын аймактарында элдик ыктыярдуу кошундардын жана жамааттык топтордун иштерин активдештирүү сыяктуу иштерди жѳнгѳ салуу жактары милдеттендирилсин.
4. Райондун аймагындагы айылдык округдардын кеӊештеринин тѳрагаларына ѳз аймактарында кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы боюнча маселелерди сессияларынын жыйналыштарында карап, талкуулап, иштиктүү жыйынтыктарды чыгаруу жактары сунуш кылынсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы райондук Кеӊештин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, Кеӊештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын жана саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (тѳрагасы А.Жолдубаев) жана райондук Кеӊештин аппаратына тапшырылсын.
Депутаттардын Каракулжа райондук Кеӊешинин тѳрагасы | К.Альязов
|