Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
130- июль, 2010-жыл № 10\1
Райондун калкынын саламаттыгын тейлөөдө райондук аймактык оорукананын, райондук үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборунун, райондук кургак учук диспансеринин, райондук тиш эмканасынын жана райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык бекеттин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин Регламентине жана 2010-жылга карата кабыл алган иш-планына ылайык райондун калкынын саламаттыгын тейлөөдө райондук аймактык оорукананын, райондук үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборунун, райондук кургак учук диспансеринин, райондук тиш эмканасынын жана райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык бекеттин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Райондун калкынын саламаттыгын тейлөөдө райондун аймагындагы саламаттыкты сактоо тармагындагы мекемелер тарабынан жеткиликтүү деңгээлде иштер алынып барылбай жаткандыгы белгиленсин.
2.М.Жунусов атындагы райондук аймактык оорукананын, Кара-Кочкор санаториясынын жана райондук санитардык-эпидемиологиялык бекеттин медицина тармагында айрым алгылыктуу иштерди жүргүзүп жаткандыктары белгиленсин.
3.Райондук үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборунун жана жер-жерлердеги үй-бүлөөлүк дарыгерлер топторунун жүргүзүп жаткан иштеринде орчундуу кемчилдиктер орун алгандыгы белгиленсин жана бул кызматта жаныдан иштеп жаткандыгын эске алуу менен райондук үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборунун директору К.Токтошевдин кызматтык жоопкерчилиги 2010-жылдын жыйынтыгы менен райондук Кеңештин кезектеги сессиясында кайрадан каралсын.
4.1. М. Жунусов атындагы райондук аймактык оорукананын жетекчилигине ( жетекчиси З.Шалтаков):
-жетишпеген адистиктер боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү,
-Кызыл-Жар участкалык ооруканасын азык-түлүк менен сапаттуу камсыз кылуу, анда иштеген медициналык кызматкерлердин эмгек акыларынын өз убагында берилишин тартипке салуу үчүн бул участкалык ооруканага 0,5 штаттык бирдиктеги эсепчи-кассирдин штаттын тиешелүү органдар аркылуу чечүү,
-райондук аймактык оорукананын имаратынын ички жана сырткы канализациясын иштетүү,
тиешелүү министрликтерге кайрылуу менен рентген, УЗИ аппараттарынын жаны алынышына жетишүү,
-оорукананын үстүндөгү жамгыр, суу өтүп кете турган жерлердин шиферлерин жаңыртуу,
-кан алуу иштерин өз деңгээлинде жүргүзүү үчүн тиешелүү бийлик органдары менен акча каражаттарын чечүү,
-оорукананын алдындагы аянттагы суу көлдөп кеткен жерлерди тегиздөө,
-оорукананын алдындагы комокторду жана башка соода саттык жайларын иретке келтирүү,
-жетишпеген кадрларды камсыз кылуу жактары милдеттендирилсин жана бул иштердин аткарылышы боюнча 2010-жылдын 25-декабрына райондук Кеңешке жазуу жүзүндө маалымат берүү жагы тапшырылсын.
4.2.Райондук үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборунун жетекчилигине (жетекчиси К.Токтошев):
-Алайку аймагында жалпы врачтык - практикалык борборду райондук аймактык оорукананын жетекчилиги менен биргеликте ачууга жетишүү,
-жетишпеген адистиктер боюнча үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборунда, үй-бүлөөлүк дарыгерлер топторунда, фельдшердик-акушердик жана врачтык-амбулаториялык пункуттарда тиешелүү иштерди жүргүзүү,
-жер-жерлердеги үй-бүлөөлүк дарыгерлер топтору, фельдшердик-акушердик пункттар, айылдык врачтык амбулаториялар менен жакындан иш алып баруу менен алардын көйгөйлүү маселелерин чечүүнүн үстүнөн иштөө, бул багытта айылдык округдардын жетекчилери менен тыгыз байланышта иш жүргүзүү,
-жетишпеген адистиктер жана материалдык техникалык базаларын өркүндөтүү боюнча үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборунда, үй-бүлөөлүк дарыгерлер топторунда, фельдшердик-акушердик пункттарда жана айылдык врачтык амбулаторияларда тиешелүү иштерди алып баруу, жылытуу системаларын өз деңгээлинде тартипке келтирүү,
-Кара-Кочкор айылдык округунун аймагындагы Ак-Кыя, Кашка-Жол айылдык округунун аймагындагы Октябрь айылдарына дарыканаларды ачуу, эскилиги жеткен тез жардам автомашиналарынын ишке жарактуу
-жараксыздыгын аныктап, ал боюнча тиешелүү документтерди камсыз кылуу,иштеп жаткан тез жардам автомашиналарына тиешелүү деңгээлде күйүүчү май болуп берүү, райондук үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборунда иштеген кызматкерлер арасында иштиктүү атмосфераны түзүү, эмгек тартибин бекем сактоо,
-Кызыл-Жар участкалык ооруканасын райондук аймактык оорукана менен бирдикте кезектеги ремонттон өткөрүү, аталган оорукананын айлана-тегерегин тартипке келтирүү,
-№ 0-86 медициналык формасын керектөөчүлөргө бул форманы мыйзам, Жобо, инструкцияларга ылайык берүү,
-буйрук китебин, эмгек китепчелерин жана башка иш кагаздарын талапка ылайык жөнгө салуу жактары милдеттендирилсин жана бул иштердин аткарылышы боюнча 2010-жылдын 1-октябрына райондук Кеңешке жазуу жүзүндө маалымат берүү жагы тапшырылсын.
Райондук кургак учук диспансеринин жетекчилигине (жетекчиси А.Исмаилов):
-жетишпеген адистиктер боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү,
-оорукананын имаратын мамлекеттик каттоодон өткөрүү, имараттын айлана-тегерегин тартипке келтирүү, санитардык нормаларды сактоо,
-тамак-аш азык-түлүктөрүн сактоо үчүн муздаткыч, ошондой эле кийим илгичтерди алуу,
-оорукананын имаратын, илинген доскаларын толук алмаштырып, учурдун талабына ылайык ондоп чыгуу, кире бериштеги линолениумду жаңылоо,
-оорукананын жылдык планынын жана мамлекеттик программалардын негизинде иш-чараларды иштеп чыгуу жактары милдеттендирилсин жана бул иштердин аткарылышы боюнча 2010-жылдын 1-октябрына райондук Кеңешке жазуу жүзүндө маалымат берүү жагы тапшырылсын.
4.4. Райондук тиш эмканасынын жетекчилигине (жетекчиси З.Жусупов):
-имараттын ички, сырткы ремонтторун жасоо, жылытуу системаларын ондоо,
- өзүнчө дарааткана куруу,
-эмгек тартибин бекем сактоо жактары милдеттендирилсин жана бул иштердин аткарылышы боюнча 2010-жылдын 1-октябрына райондук Кеңешке жазуу жүзүндө маалымат берүү жагы тапшырылсын.
4.5. Райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык бекеттин жетекчилигине (башкы мамлекеттик дарыгер Т.Кожошев):
-Кара-Кулжа айылындагы борбордук базарда, автобекетте, ошол аймакта жайгашкан обьектилерде санитардык абалдарды тартипке келтирүү, акыр-чикирлерди жок кылуу боюнча Кара-Кулжа айылынын аймагында айылдык округ менен бирдикте оперативдүү иштерди жүргүзүү,
-"Зайнабидин" базарынын санитардык абалын жөнгө салуу,
-райондун айрыкча Кара-Кулжа айылынын аймагында таза суунун санитардык нормаларда берилишин камсыз кылуу жактары милдеттендирилсин жана бул иштердин аткарылышы боюнча 2010-жылдын 1-октябрына райондук Кеңешке жазуу жүзүндө маалымат берүү жагы тапшырылсын.
5."Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык райондун аймагындагы айылдык округдардын башчыларына:
-айылдык округда саламаттыкты сактоо тармагында программаларды иштеп чыгып айылдык округдук Кеңештин кароосуна сунуш кылуу, программалар бекигенден кийин анын аткарылышынын үстүнөн иштөө,
--өз аймактарындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин материалдык-техникалык базасынын өнүгүшү үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, көмөк көрсөтүү, медициналык кызматкерлерди, айрыкча жаш адистерди турак жай менен камсыз кылуу, женилдиктерди берүү боюнча иштерди жүргүзүү, жетишпеген дарыгерлерди камсыз кылууга аракет этүү,
-өз аймактарындагы медициналык мекемелердин эмгек тартибин көзөмөлдөө,
-айыл Өкмөтүнүн заседаниелеринде медицина тармагындагы маселелерди талкуулап, тиешелүү иштиктүү чараларды көрүү, айылдык округдук Кеңештердин сессияларында саламаттык сактоо тармагында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча жарым жылдын жана жылдын жыйынтыктары боюнча маалымат берип туруу,
-өз аймактарындагы саламаттыкты сактоо мекемелери менен бул тармактагы маселелерди чечүү боюнча тыгыз байланышта иштерди алып баруу жана бул багытта жүргүзүлгөн иштер боюнча 2010-жылдын 1-октябрына райондук Кеңешке жазуу жүзүндө маалыматтарды берүү жагы милдеттендирилсин.
6.Райондук ооруканага кеткен Ч.Пазылов атындагы көчөгө шагыл төктүрүп тегиздөө, жарыктандыруу, аталган көчөнүн эки тарабындагы арыктардагы суунун агымын жөнгө салуу жагы Кара-Кулжа айылдык округунун башчысынын милдетин аткаруучу Ж.Байкожоевге милдеттендирилсин.
7.Райондун аймагындагы айылдык округдук Кенештердин төрагаларына өз аймактарындагы саламаттыкты сактоо, калкты медициналык жактан тейлөө маселелеринин абалын айылдык округдук Кеңештердин сессияларында талкуулап туруу жактары сунуш кылынсын.
8.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук Кеңештин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, коммуналдык жана муниципалдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы З.Шалтаков) жана райондук Кеңештин аппаратынын кызматкерлерине тапшырылсын.
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин төрагасы |
К.Алиязов |