Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
30- июль 2010-жыл № 10\2
Кара-Кулжа районунун 2010-жылга бекитилген бюджетинин 2010-жылдын 1-жарым жылдыгында аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө
Кара-Кулжа районунун 2010-жылга бекитилген бюджетинин 2010-жылдын 1 -жарым жылдыгында аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кара-Кулжа аймактык бөлүмүнүн башчысы С.Толоновдун берген маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кара-кулжа райондук Кеңешинин туруктуу комиссияларынын кошмо жыйналышынын сунушун эске алып депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа районунун 2010-жылга бекитилген бюджетинин 2010-жылдын 1 -жарым жылдыгында кирешелер бөлүгү 22845,9 миң сомго, чыгаша бөлүгү 20475,5 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин (№1,№2- тиркемелер тиркелет).
2.Райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын-акимдин резервдик фонду 2010-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен 160,0 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин. (№3-тиркеме тиркелет).
3.Кара-Кулжа районунун бюджетинин 2-жарым жылдыгына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү эсеби № 4-тиркемеге ылайык бекитилсин. (№ 4-тиркеме тиркелет).
4.Райондун аймагында бюджетте турган мекеме-уюмдарга бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын өз максаттарына жумшалышын туруктуу көзөмөлгө алуу жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Кара-Кулжа аймактык бөлүмүнүн жана казына бөлүмүнүн жетекчилигине, салык өндүрүү пландарынын сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу менен ички резервдерди толук колдонуу жагы райондук салыктар жана жыйымдар башкармалыгына, ал эми бекитилген бюджеттин аткарылышын уюштуруу, салыктарды жыйноого көмөк көрсөтүү, республикалык бюджеттен түшкөн каражаттарды натыйжалуу, максаттуу пайдаланууну көзөмөлдөө жагы райондун мамлекеттик администрациясына милдеттендирилсин.
5.Коргоого алынган чыгымдардын өз мөөнөтүндө толук каржыланышын камсыз кылып көзөмөлдөө жагы райондук финансы бөлүмүнө (С.Толонов) милдеттендирилсин.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук Кеңештин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык жана муниципалдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (З.Шалтаков) жана райондук Кеңештин аппаратынын кызматкерлерине тапшырылсын.
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин төрагасы |
К. Алиязов |