Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
7- октябрь 2010-жыл.
Алыскы жана жакынкы жайыттарды, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин иштетүү жана пайдалануу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Кашка-Жол айылдык округунун башчысы М.Д.Туратовдун отчету жөнүндө
"Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-беренесинин 8-пунктуна, 12-беренесинин 1-абзацына, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 29-беренесинин 2-пунктуна жана райондук Кеңештин перспективдүү иш планына ылайык райондук Кеңештин туруктуу комиссияларынын кошмо жыйналышынын сунушун эске алып, Кашка-Жол айылдык округунун башчысы М.Д.Туратовдун отчетун угуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алыскы жана жакынкы жайыттарды, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин иштетүү жана пайдалануу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Кашка-Жол айылдык округунун башчысы М.Д.Туратовдун отчету айрым кемчилдиктери менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кашка-Жол айылдык округунун башчысы М.Туратовго:
-кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин иштетүү жана пайдалануу боюнча эффективдүү иштерди жүргүзүү,
-айылдык округдун жайыт комитетинин башчысын жүргүзгөн иштери боюнча элдин алдында отчет бердирүү
-айылдык округдун аймагындагы Калпак участкасында жайгашкан 4 дыйкан чарбасы менен жерди арендага берүү боюнча өз ара мамилелерди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун чечимин негизге алып жүргүзүү,
-кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин арендага берүү жана арендага берүүдөн каражаттарды көбүрөөк түшүрүүгө иштиктүү аракеттерди көрүү, бул багытта айылдык округдук Кеңеш менен биргеликте натыйжалуу иштерди алып баруу жактары милдеттендирилсин.
3. Райондун аймагындагы бардык айылдык округдардын башчыларынан кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин иштетүү жана аны пайдалануу боюнча иштерди натыйжалуу жүргүзүү жактары талап кылынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук Кеңештин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына ( төрагасы Ж.Токтосунов) жана райондук Кеңештин аппаратынын кызматкерлерине тапшырылсын.
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин төрагасы |
К. Алиязов |