Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кенешинин кезексиз он экинчи сессиясынын
(IV шайланган) жыйналышы
2010-жылдын 8-декабры № 12/1
Кара-Кулжа райондук Кенешинин сессияларынын жыйналыштарында депутаттар жана анда чыгып суйлөгөндөр тарабынан айтылган сын, сунуш, пикирлерди аткарууга алуу боюнча райондук Кенештин иш-чараларынын пландарын, райондук Кенештин туруктуу комиссияларынын 2008-жылдын октябрь айынан бери өткөрүлгөн жыйналыштарында кабыл алынган чечимдердин жана райондук Кенештин сессияларынын жыйналыштарында кабыл алынган токтомдордун аткарылышынын абалы жөнүндө.
"Жергиликтуу Кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 12-беренесине, "Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 28-беренесинин 1-пунктуна, 29-беренесинин 1-пунктунун 4-пунктчасына ылайык Кара-Кулжа райондук Кенешинин сессияларынын жыйналыштарында депутаттар жана анда чыгып сүйлөгөндөр тарабынан айтылган сын, сунуш, пикирлерди аткарууга алуу боюнча райондук Кенештин иш-чараларынын пландарын, райондук Кенештин туруктуу комиссияларынын 2008-жылдын октябрь айынан бери өткөрүлгөн жыйналыштарында кабыл алынган чечимдердин жана райондук Кенештин сессияларынын жыйналыштарында кабыл алынган токтомдордун аткарылышынын абалы жонундогу маселени угуп жана талкуулап, райондук Кенештин туруктуу комиссияларынын кошмо жыйналышынын чечими менен берилген сунушту эске алып, депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа райондук Кенешинин сессияларынын жыйналыштарында депутаттар жана анда чыгып суйлогондор тарабынан айтылган сын, сунуш, пикирлерди аткарууга алуу боюнча райондук Кенештин иш-чараларынын пландарын, райондук Кенештин туруктуу комиссияларынын 2008-жылдын октябрь айынан бери өткөрүлгөн жыйналыштарында кабыл алынган чечимдердин жана райондук Кенештин сессияларынын жыйналыштарында кабыл алынган токтомдордун аткарылышы райондун аймагында айрым кемчилдиктери менен канааттандырарлык денгээлде аткарылып жаткандыгы белгиленсин.
2. Кара-Кулжа райондук Кенешинин сессияларынын жыйналыштарында депутаттар жана анда чыгып сүйлөгөндөр тарабынан айтылган сын, сунуш, пикирлерди аткарууга алуу боюнча райондук Кенештин иш-чараларынын пландары, райондук Кенештин туруктуу комиссияларынын 2008-жылдын октябрь айынан бери откорулгон жыйналыштарында кабыл алынган чечимдер жана райондук Кенештин сессияларынын жыйналыштарында кабыл алынган токтомдор райондук ветеринардык башкарма (А.Караев), райондук тиш эмканасы (З.Жусупов), райондук финансы болуму (С.Толонов), райондук билим беруу болуму (П.Дыйканов), №26-жол эксплуатациялоо пункуту (О.Курбанбаев), райондук айыл-чарбасын онуктуруу башкармасы (М.Кокоев), Чалма айылдык округу (С.Жорубаева), Кара-Кочкор айылдык округу (О.Бегимкулов) тарабынан оз денгээлинде аткарууга алынып жаткандыгы, ал эми райондук суу чарба башкармасы (Э.Жумагулов), №29-кесиптик лицейи (Т.Темирова), райондук миграция жана жумуштуулук башкармасы (К.Ибраимов), Кара-Кулжа айылдык округу (Ж.Байкожоев), Кенеш айылдык округу (З.Каратаев), Кара-Гуз айылдык округу (О.Дооронов), Капчыгай айылдык округу (Т.Кадырбеков), Алайку айылдык округу (Н.Бопоев) тарабынан талапка ылайык денгээлде аткарылбай жаткандыгы белгиленсин.
3. Райондук Кенештин токтом, чечим, иш-чараларынын аткарылышы боюнча райондук кургак учук диспансеринин (А.Исмаилов), райондук ички иштер болумунун (Ж.Чобоев), райондук суу чарба башкармасынын (Э.Жумагулов), Кызыл-Жар айылдык округунун (С.Ботоноев) жетекчилиги кечиктирип маалымат беришкендиктери, райондук мамлекеттик каттоо кызматынын (Э.Абдраев) маалыматтары жеткиликтуу денгээлде берилбегендиги, № 29-кесиптик лицейдин жетекчиси Т.Темированын жетекчилик кызматтагы тажрыйбасыздыгы эске алынсын жана мындан ары маалыматтарды убагында беруу жагы аталган жетекчилердин эстерине салынсын.
4. Кара-Кулжа райондук Кенешинин сессияларынын жыйналыштарында депутаттар жана анда чыгып суйлогондор тарабынан айтылган сын, сунуш, пикирлерди аткарууга алуу боюнча райондук Кенештин иш-чараларынын пландарын, райондук Кенештин туруктуу комиссияларынын 2008-жылдын октябрь айынан бери откорулгон жыйналыштарында кабыл алынган чечимдерин жана райондук Кенештин сессияларынын жыйналыштарында кабыл алынган токтомдорун талапка ылайык аткарууга алышпай жаткан райондук суу чарба башкармасынын жетекчиси Э.Жумагуловго, № 29-кесиптик лицейдин жетекчиси Т.Темировага, Кара-Кулжа айылдык округунун башчысы Ж.Байкожоевге, Кенеш айылдык округунун башчысы З.Каратаевге, Кара-Гуз айылдык округунун башчысы О.Доороновго, Капчыгай айылдык округунун башчысы Т.Кадырбековго, Алайку айылдык округунун башчысы Н.Бопоевге райондук мамлекеттик администрациянын коллегиясында аткаруучулук тартиптерин карап талкуулап, тиешелуу кызматтык чараларды коруу жагы райондун мамлекеттик администрациясынын башчысынын- акимдин милдетин аткаруучу С.Баимбетовго сунуш кылынсын.
5. Ылай-Талаа айьшдык округунун башчысы С.Маткадыровго, Чалма айылдык округунун башчысы С.Жорубаевага № 26-жолдорду эксплуатациялоо ишканасынын жетекчиси О.Курбанбаев менен биргелешип бир айлык моонотто, 2011-жылдын 10-январына чейин Ылай-Талаа, Чалма айылдык округдарынын аймактарындагы негизги жол трассаларын ондоп- тузоп тартипке келтирип, жасалган иштердин жыйынтыгы боюнча 2011 -жылдын 12-январына райондук Кенешке жазуу жузундо маалымат беруу жагы жуктолсун.
6. Райондун аймагындагы бардык айылдык округдардын башчыларына жана менчигинин туруно карабастан бардык мекеме, ишкана, уюмдардын жетекчилерине:
- райондук Кенеш тарабынан жиберилген Кара-Кулжа райондук Кенешинин сессияларынын жыйналыштарында депутаттар жана анда чыгып суйлогондор тарабынан айтылган сын, сунуш, пикирлерди аткарууга алуу боюнча райондук Кенештин иш-чараларынын пландарын, райондук Кенештин туруктуу комиссияларынын 2008-жылдын октябрь айынан бери откорулгон жыйналыштарында кабыл алынган чечимдерди жана райондук Кенештин сессияларынын жыйналыштарында кабыл алынган токтомдорду оз убагында аткарууга алуу жана аткарылган иштер боюнча тиешелуу жоопторду оз моонотундо беруу,
- оз аймактарында, мекмелеринде аткаруучулук тартипти талапка ылайык жонго салуу жактары милдеттендирилсин.
7. Жогорку органдар тарабынан келген нормативдик-укуктук актылардын талаптарынын жана оздору кабыл алган токтом, чечим, иш-чараларынын аткарылышы боюнча сессияларынын жыйналыштарында маселе киргизип талкуулап, тиешелуу жыйынтыктарды чыгаруу жактары райондун аймагындагы айылдык округдардын Кенештеринин торагаларына сунуш кылынсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук Кенештин туруктуу комиссияларына жана райондук Кенештин аппаратынын кызматкерлерине тапшырылсын.
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеӊешинин төрагасы | К.Алиязов |