Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
7- октябрь 2010-жыл № 11\2
Райондун аймагындагы маданий тармактагы мекемелердин иштерин уюштурууда жана координациялоодо райондук маданият бөлүмүнүн башчысы И.Турганбаевдин отчету жөнүндө
"Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-беренесинин 8-пунктуна, 12-беренесинин 1-абзацына, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 29-беренесинин 2-пунктуна жана райондук Кеңештин перспективдүү иш планына ылайык райондук Кеңештин туруктуу комиссияларынын кошмо жыйналышынын сунушун эске алып, райондук маданият бөлүмүнүн башчысы И.Турганбаевдин отчетун угуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Райондун аймагындагы маданий тармактагы мекемелердин иштерин уюштурууда жана координациялоодо райондук маданият бөлүмүнүн башчысы И.Турганбаевдин отчету айрым кемчилдиктери менен канааттандырарлык деп табылсын.
2.Райондук маданият бөлүмүнүн башчысы И.Турганбаевге:
-райондун аймагындагы бардык маданий мекемелердин (маданият үйлөрүнүн, клубдардын, китепканалардын, өздүк көркөм чыгармачылык ийримдеринин, музыкалык мектептин жана анын филиалдарынын) иштерин жандандыруу боюнча комплекстүү иш-чаралардын планын иштеп чыгып аны райондук маданият бөлүмүнүн кеңешинде бекиттиргенден кийин аткарылышынын үстүнөн практикалык иштерди алып баруу, бул багытта айылдык округдардын жетекчилери менен тыгыз байланышта иштөө,
-айрыкча райондук маданият үйүнүн чыгармачыл жамаатынын райондун айылдарына концерттерди коюшуп, калктын маданий эс алууларына кам көрүү маселесин жолго коюу жактары милдеттендирилсин.
3.Райондун аймагындагы айылдык округдардын башчыларына:
-өз аймактарында жайгашкан маданий мекемелердин ( китепканалардын, маданият үйлөрүнүн, клубдардын) кыш мезгилинде имараттарынын жылуу болушун камсыз кылуу жана анда иштеген кызматкерлердин эмгек тартибин көзөмөлдөп, аталган мекемелердин толук кандуу иштөөлөрүн жөнгө салуу,
-айылдык китепканаларга тиешелүү гезиттер менен бир нускадан жазылууну тез арада жолго коюу, жергиликтүү бюджеттердин долбоорун түзүүдө жана аны кабыл алууда бул маселеге көңүл буруу жактары милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук Кеңештин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, коммуналдык жана муниципалдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы З.Шалтаков) жана райондук Кеңештин аппаратынын кызматкерлерине тапшырылсын.
Депутаттардын Кара-кулжа райондук Кеңешинин төрагасы
|
К. Алиязов
|