Загрузка документа…
ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 12 марты №3
Осмонкулов айыл кеңешинин 2009-жылдын бюджетин бекитүү жана 2011- жылдын бюджетин кабыл алуу жөнүндө.
ТОКТОМ КЫЛЫНАТ:
1. И.Осмонкулов айыл кеңешинин 2009- жылдагы бюджети киреше бөлүгү боюнча 5851,5 мин. сомго жана чыгаша боюнча 5851,5 мин сомго бекитилсин.
2. И.Осмонкулов айыл кеңешинин 2011 -жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү боюнча 6898,8 мин сом өлчөмүндө жана чыгашалар боюнча 6898,8 мин сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. И.Осмонкулов айыл Кеңештин 2011-жылдагы бюджетинин киреше булагы № 1 тиркемеге ылайык булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлө турганы аныкталсын.
4. И. Осмонкулов айыл Кеңешинин 2011-жылдагы чыгаша бөлүгү боюнча №2 тиркемеге ылайык чыгаша булактардан турары белгиленип бекитилсин.
5. И.Осмонкулов айыл Кеңешинин 2011-жылга бюджеттин накталай кассалык жугуртуу акча каражаттарынын көлөмү №3 тиркеменин негизинде бекитилсин.
6. ИОсмонкулов айыл Кеңештин бюджетинин 2011-жылга карата билим берүү тармагына берилген категориалдык гранттын өлчөмү № 4 тиркемеге ылайык белгиленип бекитилсин.
7. И. Осмонкулов айылдык Кеңешинин 2011-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча жалпы өлчөмү № 5 тиркемеге ылайык белгиленип берилсин.
8. 2011-жылга карата И.Осмонкулов айыл Окмотунун чыгашаларынын трансферттерден тышкары оздук чыгымдан резервдик фонд түзүлсүн.
9. И.Осмонкулов айыл Кеңешинин 2011-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн расчеттору № 7 тиркемеге ылайык белгиленип берилсин. 2012 жылга бюджеттин долбоору 6463,6 мин. сом, 2013 жылдын бюджетинин долбоору 6279,1 мин. сом бекитилсин.
10. И.Осмонкулов айыл кеңешинин токтомду туура жана так аткарылышьша көзөмөлдүк жүргүзүү, айылдык Кеңештин «Айыл чарба, экономикалык реформалардын жүрүшү жана Бюджет» боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
11. 2011 -жылга социалдык-экономикалык өнүгүү божомолу бекитилсин.
12. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде жергиликтүү бюджеттин кирешелер бөлүгүн чындоо максатында төмөндөгүдөй салыктар жана жыйымдар киргизилсин жана алардын ставкалары төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
13. Транспорт ээлеринен алынуучу салык менчик авто транспорттору жана айыл чарба техникалары бар Кыргыз Республикасынын граждандары, чет өлкөлүк граждандар жана гражданствосу жок жактар салык төлөөчү болуп эсептелинет.Салык чегеруу объектиси жана өлчөмү КР салык кодексинин 198 статьясынын негизинде жүргүзүлсүн. Жыйындын бюджетке чегерүү мөөнөтү ар бир айдын 20 числосу деп белгиленсин.
14. Айыл өкмөтүнүн мекеме уюмдарынын жыл ичинде каржылоо чыгымдарына зарыл болгон учурда бир бөлүмдөн экинчи жана статьядан статьяга чейректен чейрекке жылдыруу жагы айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
15. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү жагы И.Осмонкулов айыл кеңешинин алдындагы бюджет комиссиясына жүктөлсүн.
Осмонкулов айылдык кеңешинин төрагасы |
Б. Кочоркулов
|