Загрузка документа…
ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 12 марты №3
Осмонкулов айыл окуругуна тийешелүү КБФ унун жеринин ижара акысын кароо.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылынын 29-июнундагы №1997-111токтому менен бекитилген аукцион аркылуу берилүүчү айыл чарба жерлерин жана башка муктаждыка берүүгө чыккан токтомдун негизинде, кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин аукцион же конкурс аркылуу жарандар албай жаткандыгына байланыштуу Осмонкулов айыл кеңеши
ТОКТОМ К Ы Л А Т
1. Осмокулов айылдык окуругу бийик тоолуу аймакта жайгашып, аба ырайынын катаал шартын эске алып. кайра бөлүштүрүү фондусунун жерин ижарага беруу акысы бир га суугат айдоо аянты учун 1 ООО сом болуп бекитилсин.
2. Ижара акысынан түшкөн 1000 сомдун, 148 сом 50 тыйыны жер салыгы учун ,297сом соц. фонд үчүн, 554 сом 50 тыйын ижара акысы.
3. Ижарага жер алууга арыз менен кайрылган жарандарга өз убагында жер менен камсыз кылуу үчүн комиссиянын курамы айыл окуругу тарабынан буйрук чыгарылып түзүлсүн.
4. Ижарага берилген жерлерди мыйзам чегинде карап болуп берүү жагы жер адиси М. Райымбековко жүктөлсүн.
Осмонкулов айылдык кеңешинин төрагасы |
Б. Кочоркулов
|