Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 31-январы № 27
Учкоргон айылдык кеңеши 2012-жылдагы бюджетти бекитүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Учкоргон айыл округунун 2012-жылга киреше бөлүгү айыл өкмөткө түшкөн каражаттын эсебинен түзүлөт.
2. Учкоргон айылдык округунун 2012-жылдагы бюджетинин кирешелер боюнча 26592,6 сом жана чыгашылыр боюнча 26592,6 сом өлчөмүндө бекитилет.
3. Анын ичинде категориялдык грант 21604,7 сом. Тендоочу грант 1129,5 сом. Жергиликтүү бюджеттен 3858,4 сом.
4. Учкоргон айыл өкмөтүнүн бюджеттен каржыланган бөлүмдөрү жана бөлүмдөрдүн чыгымдоолору каралган каражаттын чегинде жүргүзүлөт.
5. Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн жыл ичинде каржылоо зарыл учурда бир бөлмөдөн экинчи бөлмөгө, бир статьядан экинчи статьяга өзгөртүү киргизүү Уч-Коргон айыл Кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясында каралгандан кийин айылдык Кеңештин буйрук, токтомдорун негизинде аткаруу жагын айыл округунун ФЭБ башчысы АкматовМ.га милдеттендирилет.
6. Биринчи кезекте каржылоо корголгон статьяларга жүргүзүлөт. (айлык акы, соц.фонд, жана тамак аш)
7. Жергиликтүү бюджеттин киреше булагы аз чыгаша булагы көп болгондуктан киреше булагынын аздыгынан электр энергиясынын жана башка статьяларга чыгаша булактарын каржылоо үчүн тендоочу грант берүү жагы суралат .
7. Токтомдун аткаруу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Акматов М. милдеттендирилсин.
8. Токтомдун көзөмөлгө алуу жагы Уч-Коргон айыл аймагынын Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Качкынбаев Н.Ш. милдеттендирилсин.
Уч-Коргон айылдык кеӊешинин төрагасы |
Орозалиев С.Ж. |