Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-майы № 29
(Жайыт комитетинин 2012-жылга иш планын бюджетин бекитүү)
Жайыт комитетинин 2012-жылга иш планын бюджетин бекитүү
1. Суусамыр жайлоосуна май айынын 25 эрте барган жана жалпы эле Уч-Коргон айыл округунун жайыт пайдалануучулар бирикмесине караштуу жайыттардагы алтыганалардын бак дарактардын кыйылуусун, таш топурактар, чымдар казылуусун ошондой эле купкалар жана куур көпүрөлөрдүн бузулбоосун, жайыт жерлер айдалбоосун коздоо максатында айып пул чегерип, кара мал башына 200 сомдон, кой-эчки башына 20 сомдон, жана жайыт билетин берүү токтотулсун. Суусамыр жайлоосун келишимдин негизинде 1- айга 10 майдан 10 июнга чейин 3000 сомго корутулсун. Алмаалы жайытын 10 -апрелден 10- майга чейин 3000 сомго корутулсун. Суусамыр жайлоосуна Мураталие С. Алмалы жайытына Акылов К. келишимдин негизинде бекитилсин.
2. Суусамыр жайлоосундагы фермерлерден, бюджетти толтуруу максатында жол жээгинде отурукташып калкка кызмат көрсөткөн, ар бир конок үйүнө 900 сомдон купка пайдаланган Жумашев М. 3000 сом төлөм түшүрүлсүн (келишимдин негизинде)
3. Мал башына төлөм акыларды төмөндөгүдөй тариф менен бекитилсин.
-кой эчкиге 17 сомдон. үй, жылкыга 86 сомдон. жаш бодого 60 сомдон.
Айыл чегиндеги фермерлерден 12 айга болуп пайдаланган мөөнөтүнө төмөнкүдөй төлөнсүн.
Кой эчки башына 4,25т, Жылкы ийри муйуздуу малга 21,50т.
Бир жашар ийри муйуздуу малга 15-сомдон
4. АРИС тарабынан каралган 250000 сомго аткарылуучу иштер 1-жылдык иш планда каралып бекитилди .
5. Айыл чегиндеги жайыттарга айыл округ депутаттары түшүндүрүү жолу менен жардамдашып, айыл башчылар чогултууга жардам берилсин.
6. Жайыт комитетинин төрагасы өз кызмат ордунда бир добуштан калтырылсын.
7. Жайыт комитетинин эсеп кысап иштерин жүргүзүүгө Осмонкулов Акжол кабыл алынсын.
8. Жайыт жерлеринин кыртышын бузган фермерлерден 1га.1000 төлөм түшүрүлсүн
9. 2012-жылдын бюджети 225000сом болуп бекитилсин (тиркеме тиркелет)
10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыт комитетинин төрагасы А. Жумашаевга милдеттендирилсин.
Уч-Коргон айылдык кеӊешинин төрагасы |
Орозалиев С.Ж. |