Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-майы № 32
Уч-Коргон айылдык кеңешинин Эл Депутаты Медеталиев Капарды депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Уч-Коргон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты Медеталиев Капар 2011-жылы мезгилсиз каза болгондугуна байланыштуу Уч-Коргон айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Депутат Медеталиев капар 2011-жылы мезгилсиз каза болгондугуна байланыштуу депутатык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. №6012 шайлоо участкасынын (Чон-Капка) депутаттыкка талапке, шайлоочулардын кыйла көп добушун алган Султаналиев Байболот депутаттык ыйгарым укуктары таанылсын.
3. Султаналиев Байболотко депутаттык мандат берүү жагы Манас аймактык шайлоо комиссиясынан (Д. Кермалиев) суралсын.
4. Медеталиев Капардын ордуна Султаналиев Байболот жер комитетинин мүчөсү болуп киргизилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Т. Айтматовага жүктөлсүн.
Уч-Коргон айылдык кеӊешинин төрагасы |
Орозалиев С.Ж. |