Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 312 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-майы № 225
Бишкек шаарында коомдук жүргүнчү транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу тарифтери жөнүндө
Жүргүнчү транспортунун ишинде туруктуулукту камсыздоо, борбор шаарыбыздын тургундарын үзгүлтүксүз ташууну жана коомдук транспортто колдонулуп жаткан жол кире тарифтеринин мөөнөтүн узартуу үчүн, ошондой эле Бишкек шаарында жарандардын кээ бир категорияларын акысыз ташууну камсыздоо максатында, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:
1. 2011-жылдын 1-майынан тартып Бишкек шаарынын коомдук шаардык жүргүнчү транспортторунда (троллейбус, автобус, кичиавтобус) жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу тарифтери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:
а) 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 433 "Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту, такси - жеңил автомобиль жана жүк ташуучу автомобилдик транспорт менен жүргүнчүлөрдүн жүрүүсүнүн жана жүк ташуунун тарифтеринин жеңилдиктерин монетизациялоону киргизүү жөнүндө";
б) 2008-жылдын 27-ноябрындагы № 23 "Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 433 "Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту, такси - жеңил автомобиль жана жүк ташуучу автомобилдик транспорт менен жүргүнчүлөрдүн жүрүүсүнүн жана жүк ташуунун тарифтеринин жеңилдиктерин монетизациялоону киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";
в) 2009-жылдын 29-декабрындагы № 138 "Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 433 "Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту, такси - жеңил автомобиль жана жүк ташуучу автомобилдик транспорт менен жүргүнчүлөрдүн жүрүүсүнүн жана жүк ташуунун тарифтеринин жеңилдиктерин монетизациялоону киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө";
г) 2011-жылдын 11-мартындагы № 218 "Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 433 "Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту, такси - жеңил автомобиль жана жүк ташуучу автомобилдик транспорт менен жүргүнчүлөрдүн жүрүүсүнүн жана жүк ташуунун тарифтеринин жеңилдиктерин монетизациялоону киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө".
3. Бишкек шаарынын мэриясы (Имашов Т.М.):
- жүрүү билеттердин баасына эсептерди даярдасын:
а) мектеп окуучулары үчүн (бирдиктүү) билет - 175 сом;
б) автобус, троллейбус (бирдиктүү) - 495 сом.
4. Бул токтом белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай коммуналдык чарба, отун энергетика комплекси транспорт жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына (Салымбеков Ж.М.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Т.М.Имашовго жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы |
М.Аманкулов |
|
Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 17-майындагы № 225 токтомуна тиркеме |
2011-жылдын 1-майынан тартып Бишкек шаарынын коомдук жүргүнчүлөр транспортторунда (троллейбус, автобус, кичиавтобус) жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга ТАРИФТЕР
(Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 13-октябрындагы № 265 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Бир жүргүнчүнүн жол кире баасы:
- троллейбуста 5,00 сом;
- автобуста 6,00 сом;
- кичиавтобуста саат 6.00дөн 21.00гө чейин 8,00 сом;
- кичиавтобуста саат 21.00дөн 24.00гө чейин 10,00 сом;
- экспресстик кичиавтобустук каттамда:
№ 177 каттам Ош базары - Дордой базары 10,00 сом;
№ 191 каттам темир жол бекети - "Дордой" 10,00 сом;
№ 230 каттам Дордой-Плаза соода борбору - Дордой базары 10,00 сом;
№ 233 каттам Аламүдүн базары - Дордой базары 10,00 сом;
№ 234 каттам Мадина соода борбору - Дордой базары 10,00 сом;
№ 226 каттам 6-кичирайону - Дордой базары 15,00 сом;
№ 252 каттам Асанбай кичирайону - Дордой базары 15,00 сом;
№ 123 каттам Аламүдүн 1 - Дордой базары 15,00 сом;
№ 128 каттам Асанбай кичирайону - Кербен базары 15,00 сом;
№ 192 каттам Киркомстром - Ак-Суу базары 15,00 сом;
№ 193 каттам 12-кичирайону - Ак-Суу базары 15,00 сом;
№ 203 каттам Арча-Бешик - Дордой базары 15,00 сом;
2. Автобус, троллейбустарда жүк ташуу баасы:
- жүктүн салмагы 40 кгдан же көлөмү 50 x 60 x 100 см дан ашса 5,00 сом.
3. Бир айлык жүрүү билетинин баасы:
- мектеп окуучулары үчүн (бирдиктүү) 175,00 сом.
- автобус, троллейбус (бирдиктүү) 495,00 сом.
Жүрүү билетинин бланкын даярдоого чыгымдар алардын накталай өздүк наркы боюнча киргизилсин.
4. Муниципалдык коомдук транспортто акысыз жүрүү Бишкек шаарынын жарандарынын төмөнкү категорияларына белгиленсин:
- жаш курагы боюнча пенсионерлерге;
- жалпы оорулардын жана эмгектен жабыр тарткандардын 1, 2, 3-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген жактарына;
- бала кезинен мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга;
- 7 жашка чейинки балдарга;
- "Кыргызпочтасы" почта байланыш мамлекеттик ишканасынын почтальондоруна кызматтык милдеттерин аткарып жүргөн учурда.
Жарандардын жеңилдик жол кире алууга укугу бар категорияга тийиштүү экендигин ырастаган белгиленген үлгүдөгү документтер жана жеңилдик алгандардын аты жазылган карточкалары муниципалдык коомдук жүргүнчүлөр транспортунда акысыз жүрүү үчүн негиз боло алат.
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
Э.Нурдавлетов |
|
|