Сравнение редакций…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 13-октябры №275
Бишкек шаардык кеңештин кээ бир токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү, жөнүндө
Бишкек шаардык кеңештин чечимдерин Кыргыз Республикасынын "Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" мыйзамына ылайык келтирүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы № 192 «Бишкек шаарынын жеңилдик алууга укугу бар аз камсыз болгон тургундарын жана жарандарын социалдык жактан колдоо жөнүндө» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пункттун үчүнчү абзацындагы "майыптарга" деген сөз "ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы № 192 «Бишкек шаарынын жеңилдик алууга укугу бар аз камсыз болгон тургундарын жана жарандарын социалдык жактан колдоо жөнүндө» токтому менен бекитилген "Бишкек шаарынын жеңилдик алууга укугу бар аз камсыз болгон тургундарын жана жарандарын социалдык жактан колдоо жөнүндө" жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2.2.-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарындагы "майыптарга" деген сөз "майыптыгы бар жактарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2.3.-пункттагы «майыптарга» деген сөз "майыптыгы бар жактарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2.4.-пунктта:
экинчи абзацтагы "майыптарга" деген сөз "ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын; үчүнчү жана төртүнчү абзацтар төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 29-сентябрындагы №99 «Депутаттардын Бишкек шаардык Кенешинин 2003-жылдын 9- июлундагы № 192 «Бишкек шаарынын жеңилдик алууга укугу бар аз камсыз болгон тургундарын жана жарандарын социалдык жактан колдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
преамбуладагы «майыптарга» деген сөз "ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Бишкек шаардык кенештин 2009-жылдын 3-ноябрындагы №101 "2009-2012-жылдарга "Жаңыланган борбор шаар" Бишкек шаарын өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген "2009-2012-жылдарга "Жаңыланган борбор шаар" Бишкек шаарын өнүктүрүү программасына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
"Социалдык чейре" 4-бөлүктө:
"Социалдык камсыздоо" кичи бөлүктөн үчүнчү абзацындагы «майыптарын» деген сөз "ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"Билим берүү" кичи бөлүктөн экинчи абзацындагы "жана ар кандай патологиялар менен" деген сөздөр "ден соолук" деген сөз менен алмаштырылсын;
"Турак жай-коммуналдык чарба" 5-бөлүктөн "Лифт чарбасы" кичи бөлүгүнүн он биринчи абзацындагы "майыптарды" деген сөз "ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
"Корутунду (кутулуучу жыйынтык) бөлүктөн «Социалдык чейре" кичи бөлүгүндө:
алтынчы абзацтагы "өнүгүү" деген сөз "ден-соолук" деген сөз менен алмаштырылсын;
он төртүнчү абзацтагы "майыптарга" деген сөз "ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы №108 "Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2003-жылдын 9-июлундагы №189 "Бишкек шаарында жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) Жогоруда аталган токтомдун "Экономикалык - пландоо зоналардын коэффициенттеринин таблицасы» №3 тиркемесинде:
-"Эскертүүнүн" экинчи абзацында "майыптарды", "майыптар" деген сөздөр тийиштүү "ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарын" жана "ден-соолуктун чектелген мүмкүнчүлүгү менен жактары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
б) Жогоруда аталган токтомдун "Функционалдык багыттагы коэфициенттер» №4 тиркемесинде:
34-пункттагы "майыптарды", "майыптар" деген сөздөр тийиштүү "ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды" жана "ден-менен, "бала - майыптар" деген сөздөр "ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Депутаттардын Бишкек шаардык Кенешинин 2003-жылдын 9-июлундагы № 192 «Бишкек шаарынын жеңилдик алууга укугу бар аз камсыз болгон тургундарын жана жарандарын социалдык жактан колдоо жөнүндө» токтому менен бекитилген "Турак жай-коммуналдык кызматтарды , газ менен жабдуу, электр энергиясын төлөө боюнча көрүүсү жана угуусу боюнча майыптарга, Чернобыль АЭСиндеги аварийный кесепетинде жапа чеккендерге жана Бишкек шаарында жашаган реабилитацияланган жарандарга жеңилдик берүү тартиби жөнүндө" жобосуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталышындагы «майыптарга» деген сөз "ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
1.2.-пункттагы «майыптарга» деген сөз "ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
-2.2.-пункттагы "майыптарга" деген сөз "ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
-2.4-пункттун жетинчи абзацындагы «майыптар менен» сөз "ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
-2.5-пункттун экинчи абзацындагы «майыптарды» деген сөз "ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2006-жылдын 21-февралындагы №183 «Бишкек шаарынын аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунун органдары жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген "«Бишкек шаарынын аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунун органдары жөнүндө" жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 6-пункттун 6.3-кичи пунктундагы «майыптарга» деген сөз "ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
-12-пункттун онунчу абзацындагы «согуштун жана эмгектин майыптарын»деген сөздөр «Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарын жана эмгектин ардагерлерин» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 4-февралындагы № 46 «Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2003-жылдын 9- июлундагы № 192 «Бишкек шаарынын жеңилдик алууга укугу бар аз камсыз болгон тургундарын жана жарандарын социалдык жактан колдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
преамбуладагы «майыптарга» деген сөз "ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
"- ЧАЭСтеги аварийный кесепеттерин жоюууда катышкандарга жана себеби ЧАЭСтеги авария менен байланышкан майыптык коюлгандагы ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга";
ЧАЭСтеги авариянын кесепеттерин жоюууда катышкандардын жана себеби ЧАЭСтеги авария менен байланышкан майыптык коюлгандагы ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын каза болгон уй булөлөрүнө".
2.5.-пунктта:
бешинчи абзацтагы «майыптарга» деген сөз «майыптыгы бар жактарга» деген сөздөр менен, "ЧАЭСтин майыптарын" деген сөз "себеби ЧАЭСтеги авария менен байланышкан майыптык коюлгандагы ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын";
алтынчы абзацтагы "майыптарды" деген сөз "майыптыгы бар жактарга" деген сөздөр менен, "ЧАЭСтин майыптарын" деген сөздөр "себеби ЧАЭСтеги авария менен байланышкан майыптык коюлгандагы ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын";
сегизинчи абзац төмөнкү редакция да баяндалсын:
"-ЧАЭСтеги авариянын кесепетин жоюууда иштебеген катышуучуларга жана себеби ЧАЭСтеги авария менен байланышкан майыптык коюлгандагы ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга";
он тогузунчу абзацтагы "майыптар" деген сөз "майыптыгы бар жактар" деген сөздөр менен, "майыптарды" деген сөз "ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жыйырманчы абзацтагы "I-II топтун майыптарын» деген сөздөр « I-II топтун майыптыгы бар жактар" деген сөздөр менен, "көрүүсү жана угуусу боюнча майыптарды" деген сөздөр "көрүүсү жага угуусу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жактарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2.10-пункттагы «майыптарга» деген сөздөр "ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2.11-пункттун төртүнчү абзацындагы "майыптар" деген сөз " майыптыгы бар жактар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2.12.-пункттун төртүнчү абзацындагы "майыптарды" деген сөз " майыптыгы бар жактарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2.13.-пункттун биринчи абзацындагы "майыптарга" деген сөз " майыптыгы бар жактарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2.16.-пунктагы:
үчүнчү абзацтагы "I-II-III топтордун майыптары" деген сөз "ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
тогузунчу абзацтагы "бала кезинен майыптар" деген сөздөр "бала кезинен ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар" деген сөздөр соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы №110 "Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 4-февралындагы №36 "Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарын берүү тартиби жана шарттары жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-3-пункттагы:
сегизинчи абзацтагы « майып болуп калган аскер кызматындагылардын ичинен майыптарды» деген сөздөр «аскер кызматындагылардын ичинен майыптыкты алган жактарды» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
тогузунчу абзацтагы "башка майыптарды" деген сөздөр "ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
он экинчи абзацтагы "майыптарды" деген сөз "ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
он үчүнчү абзацтагы "майыптарды" деген сөз "майыптыгы бар жактарды" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
11.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укук маселелери, жарандардын укуктарын коргоо жана укук коргоо органдары менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына (В. Н. Ким) жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңештин төрагасы |
М. Аманкулов |