Загрузка документа…
| Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 12-июнундагы № 316 токтомуна 2-тиркеме |
Бишкек шаарынын тургундарына турак-жай-коммуналдык
кызматтарына акы төлөөгө субсидияларды берүү
тартиби жөнүндө
ЖОБО
(Шаардык кеңешинин 2014-жылдын 25-июнун №83 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Бул жобо турак-жай-коммуналдык кызматтарга тарифтер жогорулагандыгына байланыштуу Бишкек шаарынын аз камсыз болгон тургундарына даректүү социалдык жардам көрсөтүү максатында иштелип чыккан.
2. Турак-жай субсидиялары турак-жай аянтынын социалдык ченемдеринин жана үй-бүлөнүн накта кирешесине негизделген коммуналдык кызматтарды керектөө ченемдеринин чегинде аз кирешеси бар үй-бүлөлөргө турак-жай-коммуналдык кызматтарга төлөөдө жардам катары берилген даректик социалдык жөлөкпул болуп эсептелет.
3. Турак-жай субсидиялары турак-жай үйлөр статусу жок жатаканадан башка менчиктин ар кандай түрүндөгү турак жайларда жашаган үй-бүлөлөргө берилет.
4. Шаардык бюджеттен бөлүнгөн акчалар, ошондой эле республикалык бюджеттен бөлүнгөн компенсациялоо каражаттар турак-жай-коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн багытталат.
5. Субсидиялар жарандарга акчасыз түрдө берилет жана турак-жай-коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн гана колдонулат.
6. Турак-жай-коммуналдык кызматтарды төлөөгө үй-бүлөнүн өз чыгымдарынын чек коюлган үлүшү жыл сайын Бишкек шаарынын бюджетин кароодо жана бекитүүдө белгиленет.
7. Турак-жай субсидиялары үй-бүлөнүн 1 адамына 14 чарчы м эсебинен, бирок үй-бүлөгө 70 чарчы м ашык эмес турак-жай аянтынын социалдык ченеми боюнча белгиленет. Бир же эки адамдан турган үй-бүлө үчүн жалпы аянты 35 чарчы м чегинде болот.
II. Турак-жай субсидияларын берүү шарттары
8. Катталган жери боюнча Бишкек шаарында туруктуу жашаган башка өлкөлөрдүн жарды жарандарына Кыргыз Республикасында жашап туруу укугу жол-жоболоштурулган учурда жана ал бул өлкөдө жеңилдиктер менен пайдаланбагандыгы жөнүндө өзү жашаган өлкөдөн маалымкатты көрсөтүүсү боюнча гана өзгөчө учурда турак-жай субсидиялары берилет.
3 айдан 6 айга чейинки мөөнөткө убактылуу каттоодо турган баракчасы бар жактарга берилбейт.
9. Турак-жай субсидиялары турак-жайын жалданмага же ижарага берген учурда, менчигинде бирден ашык турак-жайы бар, убактылуу каттоосу болсо жарандарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө берилбейт.
10. Субсидия арыз берүү формасында жана турак-жайга укугун далилдеген документтердин, үй-бүлө курамынын, ээлеген аянтынын көлөмүн, турак-жай коммуналдык кызматтарды төлөөгө чыгымдарды, үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн акыркы үч ай ичиндеги кирешеси (кармап калууларды эсептен чыгаруу менен сыйакыларды жана жыл аягындагы айлыкты 12 айга бөлүү менен орточо эсептелген айлык акы), жеке киреше салыгын кошпогон кирешелерден тышкары, пенсиядан, компенсациялардан жана жеңилдиктен ордуна мамлекеттик жөлөкпулдан башка документтердин негизинде дайындалат.
Үй-бүлөнүн жыйынтыктоо кирешесинин курамындагы электр энергиясына компенсациялык төлөмдөр эсепке алынбайт.
Иштебеген эмгекке жарамдуу жарандар ыйгарым укуктуу органдан маалымкат алып келет.
Жогоруда аталган документтердин жоктугу турак-жай субсидиясын берүүдө баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.
11. Субсидиялар үй-бүлөгө үстүбүздөгү жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки бардык мөөнөткө (12 ай,) андан ары жыл сайын каттоо менен берилет. Турак-жай субсидияларын дайындоо үчүн негиз өзгөргөн учурда жылдан аз мөөнөткө компенсациялоону дайындоо жүргүзүлөт (12 пунктка ылайык).
Субсидияны берүүнү жаңыртуу үчүн жарандар ыйгарым укуктуу органга жалпы негиздерде аны дайындаган учурдан тартып 12 ай өткөндөн кийин кайрылышат.
12. Турак-жай субсидияларын төлөө субсидияны алган үй-бүлөнүн кирешеси өзгөргөндө же үй-бүлөнүн/субсидия алуучунун жашаган жери алмашканда, турак аянттын ээси алмашканда, турак-жай субсидиясын алуудан үй-бүлөнүн өз ыктыяры менен баш тартканда мөөнөтүнөн эрте токтолот. Үй-бүлөгө жогорку баадагы же мыйзамсыз турак-жай субсидиясын берүүгө кызыкдар кылган так эмес маалыматтарды берген учурда үй-бүлө бир жылдык мөөнөткө субсидияны алуу укугунан ажырайт.
Так эмес маалыматтарды берүүнүн натыйжасында алынган субсидиянын суммасы толук көлөмдө төлөнүп алынат.
Акыркы учурдан башка, бардык аталган учурларда, субсидияны берүү жалпы негиздерде жаңыртылышы мүмкүн.
III. Жайлуу батирде жашаган жарандар үчүн турак-жай субсидияларды эсептешүү тартиби
13. Эгерде турак-жай-коммуналдык кызматтарга социалдык төлөмдөр (б.а. жайдын аянтынын социалдык ченеми жана керектөө ченемдери боюнча эсептелген турак-жай-коммуналдык тейлөө кызматтарына төлөмдөр) ошол убакыт ичинде үй-бүлөнүн жалпы кирешесинин катарындагы турак-жай-коммуналдык кызматтарды төлөөгө үй-бүлөнүн өз чыгымдарынын үлүшүнүн чегинен жогору болсо (10%) жайлуу батирде жашаган үй-бүлө турак-жай субсидиясын алууга муктаж деп эсептелинет.
(Шаардык кеңешинин 2014-жылдын 25-июнун №83 токтомунун редакциясына ылайык)
Турак-жай-коммуналдык кызматтарга социалдык төлөмдү аныктоодо эсепке накта көрсөтүлгөн кызматтар гана кабыл алынат.
Сибсидия төлөнүүчү кызматтарга борборлоштурулган жылуулук берүү жана газ менен камсыздоо, ысык жана муздак суу менен камсыздоо, катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу, лифттерди күтүү боюнча кызматтар кирет.
Электр менен тамак даярдоого чыгымдар электр менен тамак даярдоого ченемдерди бекиткенге чейин жаратылыш газын пайдалануу менен тамакты даярдоого кеткен чыгымдарга, жеке менчик үйлөрдө жашаган үй-бүлөдөн тышкары, электр менен жылытууну жылуулук берген сезондо (ноябрь-март) абонентке 500 кВт эсебинде теңдештирүү керек.
Турак-жай субсидиялары коммуналдык кызматтардын субсидияланган түрлөрү үчүн эсептелген накта төлөмдөн жогору болбойт.
14. Турак-жай субсидиясынын көлөмү турак-жай-коммуналдык кызматтарга үй-бүлөнүн социалдык төлөмү ортосундагы айырмачылык жана анын жалпы кирешесинин курамына үй-бүлөнүн өз чыгымдарынын жол берилген чектүү үлүшү катары аныкталат.
15. Турак-жай субсидиясынын (ТЖС) максималдуу көлөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат:
ТЖС = ТЖСТ - ЧхК болсо:
ТЖСТ - турак-жай аянтынын жана үй-бүлө курамынын социалдык ченеми убакыттын ушул мезгилине бекитилген турак-жай-коммуналдык кызматтарга тарифтерди өндүрүү катары аныкталган социалдык төлөмдөр;
Ч - учурдагы убакыт ичинде бекитилген турак-жай аянтынын социалдык ченемдеринин чегинде жана жалпы чогултулган кирешеге керектөө ченемдеринин чегинде турак-жай-коммуналдык кызматтарга төлөөгө үй-бүлөнүн өз чыгымдарынын жол берилген үлүшү;
К - турак-жай субсидиясын эсептөө алдында өткөн үч ай ичиндеги эсептен үй-бүлөнүн жалпы кирешеси.
IV. Менчик үйлөрдө жашаган жарандар үчүн турак-жай субсидиясын эсептөө тартиби
16. Менчик үйлөрдө жашаган үй-бүлө үчүн турак-жай субсидиясы борбордук жылуулук берүү, газ менен камсыздоо жана ысык суу менен камсыздоо кызматтарына төлөмдөрү бул кызматтарга тарифтер көтөрүлгөн учурда пайда болгон айрыма катары аныкталат жана төмөнкү формула боюнча эсептелет:
ТЖС = (ТЖСТ - ТЖСТ0) - (К - МК * n) * 0,5 мында:
ТЖСТ 1 - турак-жай субсидиясы үчүн үй-бүлө кайрылган учурда колдонуудагы газ жана жылуулук менен камсыздоо кызматтарына тарифтерге жана ченемдерге ылайык эсептелген турак үчүн социалдык төлөмдөр;
ТЖСТ0 - 2007-жылдын декабрындагы базалык аралыкта колдонуудагы газ жана жылуулук менен камсыздоо кызматтарына тарифтерге жана ченемдерге ылайык эсептелген турак үчүн социалдык төлөмдөр;
К - турак-жай субсидиясын эсептөө алдында өткөн үч ай ичиндеги эсептен үй-бүлөнүн жалпы кирешеси.
МК - жакырчылыктын белгиленген чегине карата бир адамга эсептелген минималдуу киреше.
V. Турак-жай субсидиясын төлөө тартиби
17. Турак-жай субсидиясын алуучуга турак-жай субсидиясынын көлөмүн көрсөтүү менен маалымкат берилет.
18. Турак-жай-коммуналдык кызматтарын төлөө үй-бүлө тарабынан ай сайын эсептелген субсидиянын көлөмүнө жана төлөөгө коюлган чоңдук ортосундагы айырмага ылайык сумма түрүндө жүзөгө ашырылат.
19. Эсептөөнүн батирлик приборлору орнотулган учурда керектөөнүн белгиленген чегинен коммуналдык кызматтардын ашыкча наркы жарандар тарабынан накта чыгымдар боюнча төлөнөт.
20. Турак-жай субсидиясынын көлөмүнө тең келген суммадагы акча каражаттар шаардык жана республикалык бюджеттерге түшкөн каражаттарга жараша турак-жай-коммуналдык ишканалардын алыш-бериш эсебине белгиленген тартипте которулат.
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
Э.Нурдавлетов
|