Редакцияот 24.12.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ДЕПУТАТТАРДЫН ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XXV СЕССИЯСЫ (экинчи чакырылышы)

 

2010-жылдын 24-декабры №215

 

Ош шаардык Кеңешинин депутаты А.Ш.Султановдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» мыйзамынын 27-статьясына жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 3- жана 5-статьяларына ылайык, №6-шайлоо округунан шаардык Кеңешке депутат болуп шайланган Султанов Акылбек Шакирович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине депутат болуп шайлангандыгына байланыштуу, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

Султанов Акылбек Шакировичтин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

 

Депутаттардын Ош шаардык

Кеӊешинин тѳрагасы

Д.Алимбеков