Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-марты № 225
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин айрым депутаттарынын депутаттык ыйгарым-укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» мыйзамынын 28-беренесинин негизинде, туруктуу депутаттык комиссиялардын сунуштарын эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын курамдарына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-Шакиров Аскар Абидинович өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамынан чыгарьшсын.
-Абдырасулов Равшан Абдырасулович мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамына киргизилсин.
-Сабиров Таалай Нурдинович бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамынан чыгарылып, анын ордуна Атазов Шайлообек Карыбекович киргизилсин.
-Арипов Назарали Турдалиевич жана Султанов Акылбек Шакирович архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, айьш чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамынан чыгарылып, Жумабаев Адылжан Сүйүнович бул комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Бул токтом мыйзамдарда каралган тартипте каттодон өткөрүлсүн (А.Алимбекова) жана шаардык «Ош шамы» гезитине басылып чыксын (Б.Матисаков).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын төрагаларына жана шаардык Кеңештин аппарат жетекчиси З.М.Сасыкбаевге жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Д. Алимбеков |