Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-марты № 228
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2009-жылдын 13-февралындагы №81 - токтому менен бекитилген салык эмес төлөмдөрүнүн чен өлчөмүн 2009-жылга бекитүү жөнүндөгү токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешине, Ош шаарынын мэриясынын автотоктомолор, автокоюу жана автогараждар дирекциясынын 2011-жылдын 1-февралындагы №27- он сом өлчөмүндөгү жыйымдан алына турган парковка салыгынын өлчөмүн 5 сомдон 3 сомго түшүрүп берүү жөнүндөгү катын карап жана талкулап чыгып жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жылдын 21-февралындагы отурумунун №7-токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2009-жылдын 13-февралындагы №81- токтому менен бекитилген салык эмес төлөмдөрүнүн чен өлчөмүн 2009-жылга бекитүү жөнүндөгү токтомунун аталышындагы чен өлчөмүн деген сүйлөмдөн кийинки 2009-жылга деген сөз алынып салынсын.
2.Аталган токтомдун 1-пунктундагы 2009-жылга салык эмес төлөмдөрдүн төмөнкү чен өлчөмдөрү бекитилсин деген сүйлөмдүн 2009-жылга деген сөзү алынып салынып, 1-пунктун 3 подпунктуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип төмөндөгүдөй редакцияда окулсун:
Ош шаарында автотоктомолордон алынуучу 10 сом өлчөмүндөгү парковка жыйымынан жергиликтүү бюджетке түшүүчү автопарковка үчүн салык эмес төлөмүнүн өлчөмү 2011-жылдын 31-декабрына чейин 3 сом деп бекитилсин.
3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана “Ош шамы” гезитине жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (У.Примов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |