Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-марты №230
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2009-жылдын 16-июнундагы кезектеги XII сессиясынын №112-токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ош шаардык мэриясынын 2010-жылдын 22-апрелиндеги №160/08-6 Ош шаарындагы муниципалдык имараттарды (имараттын ичиндеги жайларды) анын ичинде административдик имараттарды пайдалангандыгы үчүн ижара акысын аныктоо боюнча жана Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 2011-жылдын 3-январындагы №1/05-6 шаардагы муниципалдык менчик жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөргө толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап,депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 11-февраль 2011-жылдын № 4 -токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2009-жылдын 16-июнундагы кезектеги XII сессиясынын №112-токтомунун экинчи пункту өзгөртүлүп төмөндөгү редакцияда окулсун;
-Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акысын аныктоо боюнча эсептөө №1-тиркемеге ылайык;
-имараттарды (имараттын ичиндеги жайларды) анын ичинде административдик имараттарды пайдалангандыгы үчүн ижара акысын аныктоо боюнча эсептөө №2-тиркемеге ылайык;
-Ош шаары боюнча экономикалык-пландаштыруу зоналарынын картасы №3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди жана имараттарды, анын ичинде административдик имараттарды пайдалануу ижара келишими боюнча жаңы эсептөө төлөмдөрү 2011-жылдын 1-январынан тартып жүргүзүлсүн.
3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (А.Алимбекова) жана «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Абдуллаев) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |
| Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2011-жылдын 30- мартындагы кезектеги XXVII сессиясынын №230 токтомуна № 1- тиркеме |
Бул эсептөөлөр Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин, КР Жер Кодексинин, «Ош шаарынын статусу жөнүндө» КР мыйзамынын, «Айыл чарба багытындагы жерлерди, короо алдындагы жана дачалык жер участкаларын, калктуу конуштардын жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкалары жөнүндө» КР мыйзамынын, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» КР мыйзамынын 27-беренесинин, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» КР мыйзамынын, Ош шаарынын мэриясынын 2001-жылдын 14-июнундагы №587- токтомун эске алып жана ижара мамилелерин аныктоочу башка нормативдик актылардын негизинде, ошондой эле жер участокторунун ижара акысын эсептеп чыгуу жана ижара келишимдерин бекемдөө тартибин аныктайт.
Ап – бир айлык ижара акысы;
Н – Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык жер салыгынын ставкасы;
S – жер тилкесинин аянты, чарчы метр;
К1 - функционалдык багыттардын коэффициенти;
-өнөр жай, курулуш, кампа ишканалары; - 0.5
-бассейндер, көлөкөлөтүүгө курулган навестер; -1,5
-кичи-базарлар, соода сатык комплекстери, офистер ,компьютердик класстар, бизнес борборлор, биржалар; - 2
-нан сатуучу түйүндөр, турмуш тиричилик жактан тейлөө, байланыш түйүндөрү, газета сатуу түйүндөр, башка жактан кирүүчү түзүлүштөрү бар кайра жасалган квартиралар; - 6
-сүрөт тартуу түйүндөр, банктар, ломбарддар, оюн-зоок жайлары (казино, түнкү клубдар), акча алмаштыруу түйүндөрү, дүкөндөр, киосктор, ларектор, дүкөндүн алдына чыгарып жүргүзүүчү соода, көчөдөгү соода түйүндөр; - 7
-убактылуу аянтчалар, коомдук тамак аш, мейманканалар, автосервис түйүндөрү ; - 8
-реклама илинген жайлар; - 30
-уюлдук байланыш түйүндөрүнүн мунарасы үчүн жайгашкан жерине карабастан биринчи зона менен чыгарылып, бирок бир айлык ижара акы 2925 сомдон кем эмес болсун.
К2 - зоналар боюнча ижара акынын нормативдик ставкасы:
1 – зона үчүн – 2,6;
2 – зона үчүн – 2,2;
3 – зона үчүн – 1,8;
4 – зона үчүн – 1,4;
5 – зона үчүн – 1;
6 – зона үчүн – 0,8 ;
7 – зона үчүн – 0,5;
Эгерде К2 коэффициенти айрым обьектилер боюнча жогоруда көрсөтүлбөсө, курулуш курулбаса же курулуп бирок иштелбей турса, К2 коэффициентине 1 коэффициентин колдонууга жол берилет.
Айрым бир учурларда, эгерде жер тилкеси эл абдан көп жерде, көчөлөрдүн кесилишинде, чоң мекеме иш каналардын жана административдик борборлордун жанында жайланышкан болсо К2 коэффициенти 1,1 ден 2.0 ге чейинки түзөтүү коэффициенттери колдонууга жол берилет бул учурда негиздөө тийиштүү адистер тарабынан эсептөө корутундусу же акт түрүндө түзүлөт.
- көрктөндүрүү жана жашылдандыруу аянтына жараша (таблица №1):
таблица №1
Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу | 50гө чейин | 51 – 100 | 101 – 200 | 201 – 300 | 301 – 500 | 501 – 1000 | 1000ден жогору |
Баасы:кв.м (сом:кв.м) | 0.6 | 0.52 | 0.44 | 0.4 | 0.32 | 0.24 | 0.2 |
Апз = (SxC);
Апз – жер тилкеси үчүн айлык ижара акынын өлчөмү;
S – жер тилкесинин аянты;
С – ижара акынын нормативдик ставкасы (сом:кв.м).
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
З.Сасыкбаев |
| Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2011-жылдын 30- мартындагы кезектеги XXVII сессиясынын №230 токтомуна № 2- тиркеме |
Бул эсептөө Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексине, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетинин коллегиясынын 2003-жылдын 28-мартындагы №8-пк токтомуна жана башка ижаралык мамилелерди аныктоочу нормативдик актыларга ылайык иштелип чыккан, ошондой эле ижара акыны эсептөө жана муниципалдык менчиктин ижара келишимдерин бекитүү тартибин аныктайт.
Муниципалдык имараттарды (имараттардын ичиндеги жайларды мындан ары жайларды) пайдалангандыгы үчүн айлык ижара акынын өлчөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Аг.пл = Тб х (1+К1+К2+К3) х К4 х S : 12
Бул жерде;
Аг.пл. – жай (имарат) үчүн ижаранын айлык акысынын өлчөмү;
Тб – 200 сомго барабар болгон 1 кв.м. үчүн жылдык ижара акынын базалык тарифи;
К1 - жайдын орун алуу коэффициенти;
К2 - техникалык тузулуш (обустройство) коэффициенти;
К3 - жайды пайдалануунун тармактык коэффициенти;
К4 - жайдын орунга жайгашуу коэффициенти;
S - жайдын аянты;
Эсептөөнү колдонууда коэффициенттердин чоңдугу төмөнкү критерии боюнча аныкталат.
а) К1-жайдын орун алуу коэффициенти
1. бөлөк жайгашкан имарат 0,5
2. имараттын ичиндеги жай 0,4
3. кошумча курулган жай 0,3
4. жарым жер төлөө (цоколь) 0,2
5. жер төлөө жай 0,1
б) К2-техникалык түзүлүш коэффициенти
1. суу түтүгү, канализация, ысык суу, борбордук жылуулук 0,5
2. суу түтүгү, канализация, борбордук жылуулук 0,4
3. суу түтүгү, канализация, ысык суу 0,3
4. борбордук жылуулук 0,2
5. суу түтүгү, канализация 0,2
6. техникалык эч кандай түзүлүш жок 0,0
в) К3- жайды пайдалануунун тармактык коэффициенти
1.Сүрөтчүлөрдүн, айкелчилердин, архитекторлордун жана элдик чеберлердин өнөрканалары; - 0,5
2. Гараждар, кампалар жана башка көмөкчү жайлар; - 0,3
3.Турмуш-тиричилик багытында кызмат көрсөтүү аянттары (бут кийимдерди, кийимдерди, үй тиричилигине керектүү буюмдарды ремонттоо, химиялык тазалоо, чачтарачканалар, сулуулук салондору, косметикалык салондор, прокат пункттары, мончолор); - 0,4
4.Нан жана нан азыктарын, сүт азыктарын, азык –түлүк товарларын, кондитердик азыктарды, алкоголсуз ичимдиктерди, дары –дармектерди сатуу үчүн пайдалануучу аянттар, тамак–аш даярдоочу жана сатуучу коомдук тамак – аш ишканалары, долбоордук изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн лабораториялардын аудиториялардын, почталык, медициналык, спорттук –ден соолукту чындоочу кызмат көрсөтүү жайлары, өндүрүштүк максатта айдалануучу жайлар; - 0,5
5.Автомобилдерди, эсептөө техникаларын жана башка жабдууларды оңдоо жана техникалык тейлөө, материалдарды ксеро–көчүрмөлүк иштетүү үчүн жайлар;-0,7
6.башка соода ишканалары - 0,8
7.электрондук, компютердик жана башка көңүл ачуу оюндар залдары 1,3
8.офис үчүн пайдаланылуучу жайлар;- 1,5
9.финансы мекемелери, камсыздоо компаниялары, биржалар; - 2,0
10.ресторандар, барлар, кафелер, дискотекалар, сауналар; - 2,5
11.валюта алмаштыруучу кассалар видио продукциялардын жазуу жана прокат пункттары; - 3,0
12.казино, бильярд, кумар оюндары салондору; - 4,0
13.1-12 позицияларда көрсөтүлгөндөрдөн башка жайлар; - 4,0
г) К4 – имараттардын орунга жайгашуу коэффициенти
Бул коэфициентти аныктоодо, ижарага бериле турган жайга болгон суроо талап, анын жака белин пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү, аймактык - экономикалык зонанын мүнөздөмөсү жана жогоруда көрсөтүлгөн коэффициентер менен эске алынбаган жайдын башка сапат критерийлери эске алыныш керек.
1.Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги, зоналоонун биринчи жана экинчи квадратында жайланышкан, турак – жайга кирбеген имараттар, курулуш жайлар же жайлар үчүн; - 2,1
2.Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги, зоналоонун үчүнчү жана төртүнчү квадратында жайгашкан кыймылсыз обьекттер үчүн - 1,7
3.Зоналоонун биринчи, экинчи, үчүнчү жана төртүнчү квадратында жайланышкан обьекттерден тышкары; - 1,5
Эгерде, баланс кармоочунун ижарага берүүчү 1 кв.м. аянтты кармоого кеткен чыгымы эсептелген Тб өлчөмүнөн көп болсо, бул учурда 1 кв.м. жылдык ижара акысы сапатында баланс кармоочунун чыгымы кабыл алынат.
Ош шаарынын муниципалдык менчигине караштуу имараттарды (жайларды) пайдалангандыгы үчүн ижара акы бул эсептөө боюнча эсептелген ижара акынын өлчөмүнөн төмөн боло албайт.
Ижара акынын өлчөмү имаратты жана жайды эксплуатациялоо жана майда (текущий) ремонт боюнча кеткен жана ошондой эле жылуулук берүү жана коммуналдык кызмат үчүн кеткен чыгымдары камтыбайт.
Айлык ижара акы, ижарачы тарабынан, келишимге ылайык төлөнүүчү так белгиленген төлөмдөр суммалары түрүндө, 10 банктык күндө, жергиликтүү бюджетке толугу менен өткөрүп берүү баланс кармоочунун эсеп счетуна төгүлөт.
Ижара акынын өлчөмү, келишимде каралаган мөөнөттөрдө өзгөртүлүшү мүмкүн. Бирок өзгөртүү бир жылда бир жолудан көп болбошу керек.
Ижара акынын өлчөмү жөнүндө жактар тарабынан жазуу түрүндө макулдашылган шарттар жок болсо, анда ижара келишими түзүбөгөн болуп эсептелет.
Эсептөөлөрдүн мисалдары;
1.Мисал. Борбордук ооруканада жайгашкан, турак – жайга кирбеген өлчөмү 125,73 кв.м болгон жай үчүн ижарачы төмөндөгүдөй айлык ижара акыны төлөйт:
Аг.пл = Тб х (1+К1+К2+К3) х К4 х S : 12
Аг.пл. = 200х(1+0,5+0,2+0,5) х 2,1 х 125,73 : 12 = 9681 сом айына, 1 кв.м. үчүн 76,99 сом
2.Мисал. Балдардын жугуштуу оорууга каршы ооруканасында жайгашкан, турак – жайга кирбеген өлчөмү 12,0 кв.м болгон даарыкана пукту үчүн ижарачы төмөндөгүдөй айлык ижара акыны төлөйт:
Аг.пл = Тб х (1+К1+К2+К3) х К4 х S : 12
Аг.пл. = 200х(1+0,4+0,0+0,5) х 2,1 х 12,0 : 12 = 798 сом айына, 1 кв.м. үчүн 66,5 сом
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
З.Сасыкбаев |
| Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2011-жылдын 30- мартындагы кезектеги XXVII сессиясынын №230 токтомуна № 3- тиркеме |
-Прима-Нур кичи базарынын району (Ош району), Разаков проспектиси оң жагынан Карасу көчөсү менен кесилишкен жерден төрт көчөгө чейин (Турсунбаев көчөсү менен кесилишкенге чейин (Привокзальная), сол жагынан Салиева көчөсү менен кесилишкенге чейин;
-Беш-Көпүрө көчөсү Разаков проспектиси менен кесилишкен жерден Аралская көчөсүнө чейин;
-Пичугин атындагы сквер (Космонавтар сквери);
-Масалиев проспектиси Кара-суу көчөсү менен кесилишкен жерден (Ош районунан) Навои көчөсүнө чейин;
-Зайнабетдинов көчөсү, /ч-Көчө көчөсү, Базарная көчөсү, борбордук базар;
-Ошский көчөсү «Кара-суу Дан-Азык» акционердик коомунун кичи базарынан Фрунзе атындагы мектебине чейин кошо камтыйт;
-Кара-суу көчөсү «Кара-суу Дан-Азык» акционердик коомунун кичи базарынан Навои көчөсүнө чейин;
-Кара-суу көчөсү /ч көчө көчөсүнөн Масалиев проспектисине чейин;
-Навои көчөсү Масалиев проспектиси менен кесилишкен Курманжан - Датка көчөсүнө чейин;
-Навои паркынын аймагы;
-Ленин көчөсү Р. Абдыкадыров көчөсү менен кесилишкен жерден Мамажанов көчөсүнө чейин Шеит-Төбө аймагы кошулат, Ленин көчөсүндөгү №551 үйгө чейинки аймакты кошо камтыйт;
-«Келечек» сквери (Пионерлер үйүнүн катарында);
-«Достук» сквери (фонтандын аймагы, Өзбек музыкалык драма театрынын катарында);
-Курманжан-Датка сквери (Ош универмагынын жанында);
-Мамажанов көчөсү Базарный көчөсү менен кесилишкен жерден Курманжан-Датка көчөсүнө чейин;
-(Араван району) Курманжан-Датка көчөсү Моминов көчөсү менен кесилишкен жерден Навои көчөсү менен кесилишкенге чейин; Г.Айтиев көчөсү Ленин көчөсүнөн «Береке» супермаркетине чейин (супермаркеттин аймагы ушул зонага кирет);
-Шаардык сквер «Алымбек датка айылы»;
-Бакыт үйүнүн алдындагы сквер;
-«Фрунзе» кичи базарынын району: Курманжан-Датка көчөсү М.А.Джиннах (Советский) көчөсү менен кесилишкен жерден Грибоедов көчөсүнө чейин; - М. Алымбеков (Фрунзе) көчөсү Ленин көчөсүнөн Курманжан-Датка көчөсүнө чейин;
-Верхнее-Увамская көчөсү Монуев (Гүлчө) көчөсү менен кесилишкен жерден Ош областтык клиникалык ооруканасынын аймагынын акырына чейин;
-«Сымбат» акционердик коомунун району (Тейлөө үйү): Масалиев проспектисинин оң тарабы №74-үйдүн көчө жагындагы аймакты кошо камтуу
менен Абдыкадыров көчөсүнүн кесилишине чейин ; Абдыкадыров көчөсүнүн оң тарабы көпүрөөгө чейин;
-Мажрүмтал көчөсү Навои көчөсү менен кесилишкен жерден «Кымыз-бар» кафесине чейин;
-Осмонов көчөсү Подгорный, Г. Айтиев көчөлөрүнөн Мундуз рестораны, Нирвана кафесине чейин;
-Курманжан-Датка көчөсү М.А. Джиннах(Совет) көчөсү менен кесилишкен жерден Моминов көчөсүнө чейин;
-ОшМУнун медицина институтунун каршысындагы И. Раззаков атындагы сквери;
-Масалиев проспектиси (оң жагы) Монуев (Гүлчө) көчөсү менен кесилишкен жерден №74-үйгө чейин;
-Масалиев проспектиси Р.Абдыкадыров көчөсү менен кесилишкен жерден Ленинградский көчөсүнө чейин;
-В.И.Ленин атындагы борбордук аянт;
-Ленин көчөсү Ломоносов көчөсү менен кесилишкен жерден Р. Абдыкадыров көчөсүнө чейин;
-Областык мамалекеттик администрация менен чиркөөнүн ортосундагы сквер;
-Кыргыз драма театрынын айланасындагы театралдык сквер;
-Масалиев проспектиси Навои көчөсү менен кесилишкен жерден Монуев көчөсүнө чейин;
-Амир-Темир (Калинин) көчөсү Г.Айтиев көчөсү менен кесилишкен жерден Мамыров көчөсүнө чейин;
-Сулайман тоосунун жака бели;
-Токтогул атындагы парктын аймагы, бассейндин айланасындагы аймакты кошо камтыйт;
-Монуев көчөсү Масалиев проспектиси менен кесилишкен жерден Верхне-Увамский көчөсүнө чейин;
-Разаков проспектиси Турсунбаев (Привокзал) көчөсүнөн Гүлкайыр дүкөнүнө, Госрегистрге бурулган көчөгө чейин;
-Мамыров көчөсү Курманжан-Датка көчөсүнөн Амир-Темир көчөсүнө чейин;
-Ош Өзбек-Кыргыз университетинин району («Жетиген» кафеси жана анын айланасы) Ташкентский көчөсүнө чейин;
-Жеңиш паркы;
-«Айкол» кафесинин району, Курманжан-Датка (Юго-Восток) кичи районунун сквери, 2-маршрутканын акыркы аялдамасын камтыйт, Мирсаатов көчөсүнө чейин;
-Г. Айтиев көчөсү өрт менен күрөшүү бөлүмүнөн тартып «Сулайман-Тоо» АЗСине чейин;
-Гренажный көчөсү Нурматов көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин (жибек комбинатынын скверинин району);
-Р. Абдыкадыров көчөсү Масалиев проспектисинен Алиев (Хохлов) көчөсүнө чейин;
-Мамыров көчөсү Амир-Темир көчөсү менен кесилишкен жерден Б. Осмонов көчөсүнө чейин;
-Зайнабетдинов көчөсүндөгү кварталдар ичиндеги аймактар.
-Гагарин көчөсү Ташкент көчөсү менен кесилишкен жерден «Асыл» универсамына (кафесине) чейин;
-Раззаков проспектиси Гүлкайыр дүкөнүнөн, Госрегистрге бурулган көчөдөн Касымбеков көчөсүнө чейин;
-Навои көчөсү Курманжан-Датка көчөсү менен кесилишкен жерден Алебастрова көчөсүнө чейин;
-Ленин көчөсү Водопроводный көчөсү менен кесилишкен жерден Нурматов (Голубев) көчөсүнө чейин;
-Курманжан-Датка көчөсү Суюмбаев көчөсү менен кесилишкен жерден М. Алымбеков (Фрунзе) көчөсүнө чейин;
-Эргешов (Чапаев) көчөсү Ленин көчөсүнөн Алиев көчөсүнө чейин;
-Ашимахунов көчөсү Масалиев проспектиси менен кесилишкен жерден эски нефтебазага чейин;
-Алиев көчөсүндөгү сквер (М.А.Джиннах (Совет) жана Асранкулов көчөлөрүнүн ортосу);
-Асранкулов кочосу Токтогул атындагы парктан Алиев (Хохлов) көчөсүнө чейин;
-Г. Айтиев көчөсү «Сулайман-Тоо» АЗСинен тартып Б.Осмонов – Ахмедов көчөсүнө чейин;
-Көкүмбий (Подгорный) көчөсү Осмонов көчөсү менен кесилишкен жерден тартып, Бекбалаев көчөсүнө чейин;
-«Нуманжан» кичи базарынын району (Геологородок шаарчасы), Суюмбаев (Шахтерский) көчөсү, Низами көчөсү;
-Нурматов (Голубев) көчөсү толугу менен Ленин көчөсүнөн «Ош» дем алуу үйүнө чейин;
-Р. Абдыкадыров көчөсү Амир-Темир көчөсү менен кесилишкен жерден Б. Осмонов көчөсүнө чейин;
-«Ата-Түрк» сквери, «Кыргызстан» кинотеатрынын аймагы, Г. Айтиев көчөсүнө чейин;
-Областык төрөт үйүнүн аймагы, Школьный, Шота Руставели көчөлөрү, областык СЭСтин айланасындагы аймактар, Урицский көчөсү Школьный көчөсүнөн Р.Абдыкадыров көчөсүнө чейин;
-Западный көчөсү Г. Айтиев көчөсүнөн Р.Абдыкадыров көчөсүнө чейин;
-Салиева көчөсү Авиценна көчөсү менен кесилишкен жерден Раззаков проспектисине чейин;
-Масалиев проспектисинин сол жагы Монуев көчөсү менен кесилишкен жерден Р.Абдыкадыров көчөсүнө чеийн;
-Касымбеков көчөсү Раззаков проспектисинен Салиева көчөсүнө чейин;
-Ак-Тилек кичи району;
-Турсунбаев (Привокзал) көчөсү толугу менен;
-Касымбеков көчөсү Салиева көчөсү менен кесилишкен жерден Курманжан-Датка көчөсүнө чейин;
-Салиева көчөсү Касымбеков көчөсүнөн Авиценна көчөсүнө чейин;
-Раззаков проспектиси Касымбеков көчөсүнөн темир жол өтмөгүнө чейин;
-Гагарин көчөсү Монуев көчөсүнөн «Асыл» универсамына (кафеге) чейин;
-Төлөнов көчөсү Низами көчөсү менен кесилишкен жерден Ишматов (Южный) көчөсүнө чейин;
-Ишматов көчөсү Төлөнов көчөсү менен кесилишкен жерден №9 жана №22 маршруттардын акыркы аялдамасына чейин кичи базардын аймагын кошо камтыйт;
-Курманжан-Датка көчөсү Навои көчөсү менен кесилишкен жерден тартып, Касымбеков көчөсүнө чейин;
-Ленин көчөсү №551-үйдөн Касымбеков көчөсүнө чейин;
-Амир-Темир кичи району;
-Р. Абдыкадыров көчөсү Алиев көчөсүнөн Амир-Темир көчөсүнө чейин;
-Ленин көчөсү Төлөйкөн айылынан баштап Водопроводный көчөсү менен кесилишкен жерге чейин;
-Ош шаары боюнча ички кварталдык аймактар, ошондой эле шаардын калган аймактары.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
З.Сасыкбаев |