Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-июлу № 244
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин «Кыргызтуракжай-коммунбирлик» мамлекеттик ишканасына караштуу Оштогу «Жылуулуккамсыздоо» ишканасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 3-майындагы № К-1066, Ош шаарынын мэриясынын 2011-жылдын 23-июнундагы № 298/08-6 Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин «Кыргызтуракжайкоммунбирлик» мамлекеттик ишканасына караштуу Оштогу «Жылуулуккамсыздоо» ишканасын пилоттук долбоордун негизинде Ош шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкуулап, ошондой эле депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук - энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жылдын 27-июнундагы № 5-токтомун эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин «Кыргызтуракжай-коммунбирлик» мамлекеттик ишканасына караштуу Оштогу «Жылуулуккамсыздоо» ишканасын пилоттук долбоордун негизинде Ош шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Калктын калың катмарына жеткирүү максатында бул токтом шаардык «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
3.Мыйзам чегинде каттоого алуу жагы депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин башкы адис - юристине тапшырылсын (А. Алимбекова).
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин өнөр жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Кокочоров) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагачынын орун басары |
С.Аматова |