Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 8-октябры № 134
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2009-жылдын 7-апрелиндеги №97-"Ош шаарынын административдик-аймагынын чегинде жайгашкан мурдагы Жапалак айылдык округунун функцияларын, ыйгарым укуктарын жана милдеттерин калтыруу менен Жапалак аймактык муниципалдык башкаруусун түзүү жөнүндө"токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 1-октябрындагы №341/01-07 Жапалак муниципалдык аймактык башкаруусунун түзүмүн бекитүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-сентябрындагы №566-"Шаардык мэриялардын аймагында айылдык (поселкалык) башкаруусун түзүү жөнүндө" токтомунун, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2009-жылдын 6-октябрындагы №3-токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда айтылган депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен, депутаттардын Ош шаардык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2009-жылдын 7-апрелиндеги №97-"Ош шаарынын административдик-аймагынын чегинде жайгашкан мурдагы Жапалак айылдык округунун функцияларын, ыйгарым укуктарын жана милдеттерин калтыруу менен Жапалак аймактык муниципалдык башкаруусун түзүү жөнүндө" токтомуна төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1.1. Токтомдун аталышы "Ош шаарынын административдик-аймагынын чегинде жайгашкан мурдагы Жапалак айылдык округунун функцияларын, ыйгарым укуктарын жана милдеттерин калтыруу менен Жапалак аймактык башкаруусун түзүү жөнүндө" деп окулсун жана токтомдун бардык жеринде "Жапалак аймактык муниципалдык башкаруусу" деген сөздөр "Жапалак аймактык башкаруусу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
1.2. Экинчи пункттагы №1-тиркеме "Жапалак аймактык башкаруусунун түзүмү жана штаттык саны" деген жаңы №1-тиркемеге алмаштырылсын.
1.3. алтынчы пункт төмөндөгүдөй редакцияда окулсун:
"Ош шаардык ГААК (ЗАГС) бюросунун башчысына (С.Жороева) Жапалак аймактык башкаруусунун калкынын граждандык абалын каттоо боюнча ишти алып барууну атайын бир кызматкерге жүктөө тапшырылсын
2. Токтом төмөндөгү пункттар менен толукталсын:
Пункт 7.Ош шаардык мэриясына (М.Мырзакматов) Жапалак аймактык башкаруусун юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон кайра өткөрүүнү камсыз кылуу тапшырылсын.
Пункт 8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) жана депутаттардын Ош шаардык Кенешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Иминов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |
2009-жылдын 8-октябрындагы
Депутатардын Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XV
сессиясынын №__ токтомуна
№1-тиркеме
Ош шаарынын мэриясынын "Жапалак" аймактык башкармасынын түзүмү
№ | Ээлеген кызматтардын аталышы | Саны бирдик менен |
1 | Башкарма | 1 |
2 | Башкарманын орун басары | 1 |
3 | Башкы адис | 1 |
4 | Жетектөөчү адис | 3 |
7 | Башкы эсепчи | 1 |
8 | Кассир | 1 |
9 | Иш кагаздарын жүргүзүүчү адис | 1 |
10 | Айыл башчы | 11 |
11 | Айдоочу | 1 |
12 | Имараттык кароол | 2 |
13 | Тазалоочу техничка | 1 |
| Баардыгы: | 24 |
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси |
З.Сасыкбаев |