Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 12-октябры № 251
Ош шаардык кенешинин депутаты А.Шакировдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
№-8-шайлоо округунан депутат болуп шайланган Шакиров Аскар Абидиновичтин дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 24-беренесинин 6-пунктуна жана 31-беренесинин 7-пунктуна ылайык, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шакиров Аскар Абидиновичтин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (А.Алимбекова) жана шаардык «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кенешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Т.Жоробеков) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кенешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |