Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 12-октябры № 252
Ош шаардык кеңешинин депутаты Ф.Тешебаевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
№-9-шайлоо округунан депутат болуп шайланган Тешебаев Фахритдин Арапбаевич шаардык Кеңештин сессияларына себепсиз экиден ашык жолу катышпагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 24-беренесинин 7-пунктуна жана 31-беренесинин 7-пунктуна ылайык депутаттардын Ош шаардык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тешебаев Фахритдин Арапбаевичтин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (А.Алимбекова) жана шаардык «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Т.Жоробеков) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кенешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |