Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 12-октябры № 253
Ош шаардык кенешинин депутаты М.Орозбековдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
№-3-шайлоо округунан депутат болуп шайланган Орозбеков Мухтар Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалгандыгына жана анын жашаган орду өзгөргөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 22-беренесинин 5-пунктуна, 24-беренесинин 1:пунктуна жана 31-беренесинин 7-пунктуна ылайык, депутаттардын Ош шаардык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков Мухтар Орозбековичтин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (А.Алимбекова) жана шаардык «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
З. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кенешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Т.Жоробеков) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кенешинин төрагасы |
Д.Алимбеков
|